ЕАЭБ алкагында жаңы бизнес-мүмкүнчүлүктөр жана дүйнөлүк рынокторго чыгуу

Новости
25-Сентябрь 2019-ж.
3738

Булар “Евразия жумалыгы – 2019” эл аралык форумунда негизги темалары болду. КР Экономика министри, КР ЭМ министринин орун басарлары жана эксперттери пленардык сессияларга жигердүү катышууда. Форум ушул жылы Бишкекте 2 миңден ашуун адам чогулду. Күн тартибинин негизинде - экономикалык интеграция жана бизнес-кызматташтык маселелери. “Евразия жумалыгынын” катышуучулары үч багытта иштеп жатат: Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) дүйнөлүк рынокко интеграциясы; бизнес-кооперация, ЕАЭБ рыногуна чыккан ата мекендик ишкерлердин негизги маселелерин чечүү жана жаштардын экономикалык жана жарандык потенциалын өнүктүрүү.

Андан тышкары, форумдун алкагында айыл чарба көргөзмөсү өтүп жатат. 70тен ашуун өндүрүүчүлөр,өз азык-түлүк жана айыл чарба азыктарын алып чыгышты жана шериктеш өлкөлөрдүн өнөктөштөрү менен бизнес байланыштарды түзүүдө.

Иш-чара Бишкек шаарында 25-27-сентябрларда өтөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу