Бишкекте ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин “Евразия жумалыгы” эл аралык иштиктүү форуму өткөрүлөт

Новости
19-Сентябрь 2019-ж.
3967

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өнөр жайчылары, ишкерлери жана активдүү жаштары экономикалык интеграция жана бизнес-кызматташтык маселелерин талкуулоо үчүн кайрадан бир аянтчада жолугушат. 


“Евразия жумалыгы-2019” IV Эл аралык форуму 2019–жылдын 25-27-сентябрларында Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында өтөт. Бул тууралуу чечим иш-чараны уюштуруу комитетинин биринчи жыйынында кабыл алынган. Аянт катары Кыргызстандын негизги экономикалык жана саясий окуялары болуп жаткан “Ала-Арча” № 1 мамлекеттик резиденциясы тандалып алынган.

Уюштуруучулардын айтымында, бул жылы форум “ЕАЭБ: Консолидация. Өнүгүү. Күч” урааны менен өткөрүлөт.

Форумдун максаты-бүткүл дүйнө жүзүнө экономиканы биргелешип калыптандыруу жана методологияларды иштеп чыгуу үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана потенциалын көрсөтүү. Форумдун аянтчасы атаандаштыкка жөндөмдүү жана экспортко багытталган продукцияны түзүү үчүн В2В - түз байланыштар тармагын өнүктүрүүгө жана потенциалдуу керектөөчүлөр жана инвесторлор катары үчүнчү өлкөлөрдүн компанияларын тартуу үчүн өбөлгө түзөт.

2019 – жылы форумдун өзөктүү темасы-Евразия экономикалык биримдигинин иштешинин алгачкы беш жылынын жыйынтыктарын чыгаруу жана глобалдуу дүйнөлүк коомчулукта анын ролу. 

Стратегиялык сессиялардын темалары мындан ары өнүгүү векторлорун, аныктоого, ишке ашырылган кейстерди, иштелип чыккан жана ишке киргизилген механизмдерди талдоого жана интеграциялык өсүш точкаларын аныктоого арналат.

Форумдун программасында өзгөчө орунду биринчи кезекте экономикалык интеграциянын практикалык маселелерин чечүүгө багытталган көргөзмө ээлейт. 

Катышууга өздөрүнүн иштеп чыгууларын демонстрациялоону каалаган компаниялар гана эмес, бизнес-чечимдерди издөөдөгүлөр да чакырылат. Евразия жумалыгы-биргелешкен милдеттерди чечүү үчүн реалдуу аянтча.

Форумга катышуу акысыз, иш-чаранын www.eurasianweek.org расмий сайтына катталуу керек.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу