ЕАЭБ менен Вьетнамдын ортосундагы ДСУ аянтчасында эркин соодалашуу аймагы жөнүндөгү Макулдашуу тууралуу

Новости
19-Сентябрь 2019-ж.
4218

2019-жылдын 17-сентябрында ДСУнун штаб-квартирасында ДСУнун мүчөлөрү Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) ортосунда эркин соодалашуу аймагы жөнүндө Макулдашууну карап чыгышты, ага Кыргызстан менен Вьетнам мүчө болуп саналат жана анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы тарабынан сөз сүйлөндү. 

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ДСУ маселелери боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Нурбек Максутов өз сөзүндө Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы сооданын өнүгүүсүнүн оң динамикасын белгиледи. 2016-жылдан 2018-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасы менен Вьетнамдын ортосундагы соода 2 эсе, 3,3 млн. АКШ долларынан 7,2 млн. АКШ долларына чейин көбөйгөн.

Н. Максутов белгилегендей, Кыргызстан жана Вьетнам 2015-жылдан тартып эркин соода аймагынын артыкчылыктарын колдоно баштаган. Кыргыз Республикасы Вьетнамга негизинен запастык бөлүктөрдүн, чийки жибектин жана жиптердин ар кандай түрлөрүн, ошондой эле үй жаныбарынын субпродуктуларын экспорттойт. Вьетнам Кыргыз Республикасына негизинен маалыматтарды иштетүүчү автоматтык машиналарын, устараларды жана устара лезвиясы, дары каражаттарын экспорттойт, ошондой эле электрондук түзүлүштөрдүн ар кандай түрлөрү, анын ичинде уюлдук аппараттар да бар.

Презентациянын жүрүшүндө башка ЕАЭБ мүчө өлкөлөрү Россия Федерациясы, Казакстан жана Беларусь тараптар ортосундагы сооданын өсүү жана кызмат көрсөтүүлөрдүн динамикасын да белгилешти, кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө үмүт артып, даяр экендиктерин билдиришти жана эки тараптуу ошондой эле көп тараптуу кызматташтык боюнча келечектеги кадамдар тууралуу маалымат бөлүшүштү.

Жыйындын жыйынтыгында ДСУнун мүчө-өлкөлөрү ЕАЭБ менен Вьетнамдын ортосунда ЭСА жөнүндө презентацияга оң баа беришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу