Экономика министрлигинин башчысы КРдагы IFCтин жаңы жетекчилиги менен болгон жолугушуусунда кызматташуунун өнүгүү келечегин талкуулашты

Новости
17-Сентябрь 2019-ж.
4295

2019-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде министр Санжар Муканбетовдун КРдагы Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) жаңы жетекчиси Манижа Мамаднабиева айым менен жолугушуусу болду.

Тараптар Кыргыз Республикасындагы Эл аралык финансы корпорациясынын максаттарын жана артыкчылыктарын, жеке секторду өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүү менен ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо менен байланышкан кызматташтыкты өнүктүрүү келечегин талкуулашты.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө М. Мамаднабиева айым инвестицияларды коргоо жана колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын бардык кол коюлган макулдашууларын инвентаризациялоо боюнча министрлик менен биргеликте жүргүзүлгөн иштер тууралуу министр С. Муканбетовго маалымат берди.

Тараптар бардык артыкчылыктуу багыттар боюнча эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташууну активдештирүүгө кызыкдарлыгын билдиришти.

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасы 1993-жылы Эл аралык финансы корпорациясына кирген жана уставдык капиталынын 0,07% на ээлик кылат. Дүйнөлүк банктын тобуна кирген IFC, ишмердүүлүгү жеке секторду колдоого гана багытталган ири глобалдык өнүктүрүү институту болуп саналат. 100 ашуун өлкөнүн жеке ишканалар менен иштөөдө IFC жакырчылыкты жоюуга өбөлгө түзүүгө жана жалпы жыргалчылыктын өсүшүнө көмөктөшүүгө капитал, тажрыйба жана таасир колдонот. 2014 IFC өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жашоо шартын жакшыртуу жана Дүйнөлүк өнүктүрүү маселелерин чечүү максатында $22 млрд. ашуун каражат менен камсыз кылган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу