Кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык кызматташуу боюнча комиссиясынын төртүнчү жыйынынын протоколуна кол коюлду

Новости
17-Сентябрь 2019-ж.
4493

2019-жылдын 16-сентябрында Бишкек ш. “Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясында, кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин жана Түркмөнстан тараптан Өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин төрагасы Александр Дадаевдин төрагалыгында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык кызматташуу боюнча комиссиясынын төртүнчү жыйыны болуп өттү.

Жыйындын алкагында Тараптардын өкүлдөрү тарабынан соода-экономикалык жана инвестициялык тармактагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды. Атап айтканда Түркмөнстанга Кыргыз Республикасынан Айыл чарба, өнөр жай продукциясын жана Түркмөнстандан Кыргызстанга мунайды, мунай өнүмдөрүн жөнөтүүнү көбөйтүү жолу менен товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча келишүүлөр жетишилген. Тараптар экспортко багытталган продукциянын тизмелерин алмашуу жөнүндө чечим кабыл алышты.

Ошондой эле транспорт тармагындагы маселелер белгиленди, өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарын өнүктүрүү маселелерин талкуулоо үчүн эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү макулдашылды. Ошону менен катар тараптар Маданият, маалымат жана туризм, саламаттыкты сактоо, билим берүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, жана ошондой эле Кыргызстандын аймагы менен Түркмөнстандын ортосундагы эки тараптуу документтерге кол коюу аркылуу өлкөлөр ортосунда мурда кол коюлган макулдашууларды жүзөгө ашыруу боюнча чечим кабыл алышты. 

Эки тараптуу маселелерди талкуулоонун жыйынтыгында КР экономика министринин орун басары Султан Ахматов ӨАК 4-жыйынын өткөрүүнүн жыйынтыгы, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун өнүктүрүү потенциалы жөнүндө кыскача отчет берди.

Мындан тышкары тараптардын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү айыл чарба, маданият жана туризм, билим берүү, транспорт жана авиакаттамдары жаатындагы кызматташуунун келечектери жөнүндө докладдар менен чыгышты.

Жыйынтыгында Тараптардын төрагалары КР Саламаттык сактоо министри К. Чолпонбаев кыргыз тараптан жана түркмөнстан тараптан Өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин төрагасы А. Дадаев тарабынан Комиссиянын 4-жыйынынын Протоколуна кол коюлду. 

Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны менен катар эки өлкөнүн 200гө жакын мамлекеттик органдарынын жана бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусунда “Кыргызстан – Түркмөнстан” бизнес-форуму уюштурулган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу