Бишкекте ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин "Евразия жумалыгы" эл аралык форуму өтөт

Новости
13-Сентябрь 2019-ж.
4743

Бишкек шаарында “Евразия жумалыгы” эл аралык форуму “Консолидация. Өнүгүү. Күч” урааны менен өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги пресс-конференцияда Экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров билдирди.

Э. Алишеровдун айтымында форум 25-27-сентябрларда “Ала-Арча” № 1 мамлекеттик резиденциясында өткөрүлөт.

“Евразия жумалыгы” IV Эл аралык форумунун күн тартиби Бирлик жөнүндө Келишимдин беш жылдык жыйынтыгын талкуулоого жана өнөктөштөр менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө интеграциянын жаңы векторлорун белгилөөгө жана бизнес- жолугушуулар үчүн аянтча түзүүгө багытталган.

Форумдун программасы үч блок боюнча 20дан ашык аянттарды уюштурууну болжолдойт. Бул, ЕАЭБти өнүктүрүүнүн негизги жана келечектүү багыттарын камтыган стратегиялык трек. Өнөктөштүк - бул жерде катышуучулар Кыргызстан жана ЕАЭБ үчүн өзгөчө актуалдуу болгон негизги тармактар боюнча бизнес үчүн практикалык маселелерди талкуулашат – дейт Алишеров.

Экономика министринин орун басары белгилегендей, “Евразия жумалыгы - 2019” өзгөчө орунду айыл чарбага жана тамак-аш өнөр жайына арналган көргөзмө ээлейт. Көргөзмөгө катышууга компетенциясы менен бөлүшүүгө даяр тажрыйбалуу өндүрүүчүлөр гана эмес бизнес-чечимдерди издөөдө жайгашкан компаниялар да чакырылат. Аталган иш-чара төртүнчү жыл катары менен өткөрүлүп жатат. Өткөн жылдардагы натыйжалар форум негизги иш-чара жана ЕАЭБ менен үчүнчү өлкөлөрдүн бизнес-коомчулугунун, мамлекеттик түзүмдөрүнүн жана эксперттик коомчулугунун өкүлдөрү үчүн эркин пикир алмашуу аянтчасы катары өзүн көрсөттү. 

Форумга катышуу акысыз, иш-чаранын www.eurasianweek.org расмий сайтына катталуу керек.

Өз кезегинде КР Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин бөлүм башчысы Нурлан Арипов форумдун популярдуулугу эл аралык ишкерлер арасында өсүп жаткандыгын билдирди. “Учурда форумга алыскы чет мамлекеттердин, жада калса Африка өлкөлөрүнүн ишкерлери да катышууга кызыкдар. Форум - тажрыйба алмашуу жана бизнестин жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу үчүн аянтча. Ошондой эле форумга ар кайсы тармактагы эксперттер катышып, өз көз карашы менен бөлүшсө болот”, - деп билдирди Арипов.

Ошондой эле КР бизнес ассоциацияларынын Улуттук альянсынын төрагасы Сталбек Акматов бизнес коомчулукту бир топ мүмкүнчүлүктөр бар форумда активдүү катышууга чакырды. Биринчи кезекте, ишкерлер форумунда ЕАЭБ мүмкүнчүлүктөрү, бирликтин келечеги, ошондой эле бизнестин географиясын кеңейтүү, контракт түзүү ж.б. жөнүндө биринчи колдон маалымат ала алышат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу