КР Экономика министрлигинин халал-индустрия тармагындагы Малайзиянын компетенттүү органы менен кызматташуусу жөнүндө

Новости
12-Сентябрь 2019-ж.
4123

2019-жылдын 11-сентябрында КР Экономика министрлигинде министрдин орун басары Автандил Алыбаев Малайзиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Хенди Анак Ассан мырза менен жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулашты, учурдагы мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле эки тараптуу соода-инвестициялык мамилелерди андан ары өнүктүрүү жана чыңдоону белгилешти, ошону менен бирге, Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө Тараптардын кызыкдарлыгын баса белгилешти.

Аталган жолугушууда Кыргыз Республикасынын Малайзия менен тышкы соодасынын акыркы жылдардагы өнүгүү динамикасы талкууланды, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн потенциалын пайдаланууга жалпы кызыкчылык бидирилди.

Министрдин орун басары белгилегендей, 2040-жылга чейин Өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү улуттук стратегиясынын алкагында мындан аркы өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттары аныкталган.

Улуттук стратегиялардын артыкчылыктары менен дал келген учурда, соода-инвестициялык мамилелердин өнүгүү тоскоолдуктарын минималдаштырууга жана жок кылууга жана эки өлкөнүн бизнес-коомчулуктарынын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүгө багытталган, анда ошондой эле тийиштүү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүнү караган тармактарда тыгыз кызматташтыкты орнотуу мүмкүн.

Ошол эле мезгилде Кыргыз тарап КРнын потенциалы менен маалымдуулук максатында Малайзиянын инвесторлорунун жана бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлө турган ар кандай көргөзмөлөргө жана эл аралык иш-чараларга катышуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Мындан тышкары Тараптар адал-индустрия жаатындагы мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын баса белгилешти.

Мамлекеттик деңгээлде адал-индустрияны өнүктүрүүдөгү Малайзиянын ири потенциалын жана эл аралык тажрыйбасын эске алуу менен жолугушуунун жүрүшүндө адал-индустрия жаатындагы Малайзиянын компетенттүү органы менен КР Экономика министрлигинин кызматташтыгы жөнүндө келишим түзүү тууралуу маселе каралды.

Ошондой эле министрлик тарабынан “Адал продукция. Өндүрүү, даярдоо, иштеп чыгуу жана сактоо боюнча жалпы колдонмо” МS 1500:2009 малазия стандарты КРда улуттук стандарт (КМС 1224:2011) катары белгиленди.

Ушуга байланыштуу, малазия тарап бул демилгенин маанилүүлүгүн белгилеп, адал-индустрия жаатындагы өз ара мамилени тереңдетип өнүктүрүүнү сунуш кылды.

Кыргыз Тараптан адал-индустриянын ченемдик укуктук базаларын жана стандарттарын киргизүү боюнча, анын ичинде адал-индустриянын экотруризм, сертификациялоо, косметология жана башка багыттары маселелери боюнча тиешелүү министрликтердин жана башка ведомстволордун кызматкерлерин (анын ичинде Борбордук Азия) окутуу жана тажрыйба алмашуу боюнча Борбордук Азия борборун Кыргыз Республикасында уюштуруу мүмкүнчүлүгүнө байланышкан бир катар маселелерди карап чыгуу сунушталды.

Өз кезегинде малайзиялык тарап бизнес-коомчулуктун Кыргыз Республикасына болгон кызыгуусун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаарында кыргыз-малайзия бизнес-форумун өткөрүү боюнча келишимдерге жетишилгендигин белгиледи.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу