КР мамлекеттик органдары Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу маселелерин талкуулашты

Новости
12-Сентябрь 2019-ж.
4562

Ысык-Көл облусунун Булан-Сөгөттү айылында 2017-2019-жылдарга карата Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын иш-аракеттер планын ишке ашыруу жана жаңылоо маселелери боюнча үч күндүк Улуттук тегерек стол болуп өттү. Иш-чара КР Экономика министрлиги тарабынан ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин туруктуу колдоосунда өткөрүлдү.

Тегерек столдун максаты 2017-2019-жылдарга БУУ Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу боюнча КР иш-аракеттеринин улуттук планын ишке ашыруудагы жетишкендиктерди жана көйгөйлөрдү, ошондой эле аны жаңылоо маселесин талкуулоо болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө 2017-2019-жылдарга карата БУУ КК 1540-резолюциясын 2017-2019-жылдарга карата аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Иш-аракеттер планын ишке ашыруунун позитивдүү динамикасы жана аны жаңылоо зарылдыгы белгиленген.

КР ушул сыяктуу Планын иштеп чыгуу жана кабыл алуу өлкөнүн массалык кыргын салуучу куралды таратпоо жаатында эл аралык милдеттенмелерди жана эл аралык коопсуздукту бекемдөөгө кошкон салымы жөнүндө күбөлөндүрөт.

БУУнун КК 1540-резолюциясынын аткарылышын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-мартындагы токтому менен БУУнун КК 1540-резолюциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Биринчи иш-аракеттер планы бекитилген. Биринчи планды ийгиликтүү ишке ашырган соң, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы токтому менен 2017-2019-жылдарга БУУнун ККнын резолюциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын экинчи Иш-аракеттер планы бекитилген.

БУУ ККнын 1540-резолюциясын аткаруу боюнча иш-аракеттердин улуттук пландарын аткаруунун алкагында, Кыргызстан Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө Конвенцияга жана 1925-жылдын 17-июнунда Женева шаарында кол коюлган Согушта тумчуктуруучу, уулуу же ушулар сыяктуу башка газдарды бактериологиялык каражаттарды колдонууга тыюу салуу жөнүндө Женева Протоколуна кошулган. Кыргыз Республикасынын “Экспорттук көзөмөл жөнүндө” жана “КРдагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы “Кыргыз Республикасында экспорттук контролдун улуттук тутумун өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилген. Бир катар ченемдик-укуктук актылар иштелип чыкты. Экспорттук контроль чөйрөсүндөгү мыйзамдык базаны өркүндөтүү, ушул планды ишке ашыруучу мамлекеттик органдардын потенциалын жогорулатуу боюнча туруктуу иштер жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле катышуучулар кош багыттагы товарларды идентификациялоо механизмдерин түзүү, контролдонуучу продукциянын Улуттук контролдук тизмесин актуалдаштыруу, БУУ ККнын 1540-резолюциясын аткаруу боюнча КР иш-аракеттер планынын концепциясын талкуулашты.

Маалымат катары:

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясы террористтердин колуна ядролук, химиялык жана биологиялык курал жана материалдар, ошондой эле аларды жеткирүү каражаттары түшүп кетишин болтурбоого багытталган юридикалык милдеттендирүүчү документ болуп саналат.

Кыргызстан массалык кыргын салуучу куралды таратпоо жаатында негизги эл аралык келишимдерди ратификациялаган жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын ишке ашыруу боюнча ырааттуу чараларды кабыл алат.

БУУнун КК 2017-2019-жылдарга карата 1540-резолюциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын иш-аракеттер планын ишке ашыруунун алкагында, Экономика министрлигинин 26.10.2017-жылы бекитилген буйругу менен ведомстволор аралык жумушчу топ иштейт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу