Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыктары

Новости
10-Сентябрь 2019-ж.
4398

2019-жылдын 9 – сентябрында Москва шаарында (Россия Федерациясы) Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин (мындан ары - ЕЭК Кеңеши) кезектеги жыйыны болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинен – министрдин орун басары Эльдар Алишеров катышты.

Жыйында интеграцияны, сооданы, эл аралык кызматташууну, бажы жана техникалык жөнгө салууну, өнөр жайды, финансылык саясатты өнүктүрүүгө, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүүгө, өнөр жай кызматташтыгы жана башка бир катар чөйрөлөрдөгү мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууга тиешелүү 29 маселе каралды,

Жыйындын жыйынтыгында ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү тарабынан төмөнкү документтер кабыл алынды: 

- “Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин “Чарба жүргүзүүчү субъектилер Евразия экономикалык бирлигинин сотуна кайрылган учурда төлөөчү алымдын өлчөмүн бекитүү жөнүндө" чечиминин долбоору жөнүндө” ЕЭК Кеңешинин чечими;

- “2020-жылга Евразия экономикалык бирлигинин Эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жөнүндө” Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечиминин долбоору жөнүндө” ЕЭК Кеңешинин чечими;

- “Мүчө мамлекеттердин ортосунда газды ташуу жана жеткирүү чөйрөсүндө ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин мыйзамдарын айкалыштыруу жөнүндө” Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин тескемесинин долбоору жөнүндө” ЕЭК кеңешинин долбоору жөнүндө” ЕЭК кеңешинин чечими;

- “Евразия экономикалык бирлигинин агроөнөр жай саясаты боюнча кеңеши жөнүндө Жобого өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечиминин долбоору жөнүндө” ЕЭК Кеңешинин чечими;

- “Трансчек аралык рыноктордо атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуу жөнүндө арыздарды (материалдарды) кароо тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” ЕЭК Кеңешинин чечими.

Мындан тышкары, ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү тарабынан ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин ортосундагы өз ара соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды четтетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат угулду, 2018-жылдын 17-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жана анын мүчө мамлекеттери менен бир тараптан жана экинчи тараптан Кытай Эл Республикасынын ортосунда соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө Макулдашуу күчүнө киргенине байланыштуу Билдирүүнүн долбоору каралды, ошондой эле 2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында (Армения Республикасы) өтө турган Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын күн тартиби жактырылды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу