Балык жана балык продукцияларына ЕАЭБ техрегламенттери боюнча өткөөл мезгил аяктады

Новости
06-Сентябрь 2019-ж.
3974

1-сентябрдан тартып Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө балык продукциясына Техникалык регламенттин өткөөл жоболору өз күчүн жоготту. 

"ЕАЭБ өлкөлөрүндө балыктын жана балык продукциясынын милдеттүү талаптарга шайкештигин баалоо, ЕАЭБтин “Балыктын жана балык продукциясынын коопсуздугу жөнүндө” техрегламенти кабыл алынганга чейин түзүлгөн эски документтердин колдонулушу аяктады, - Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директору Тимур Нурашев түшүндүрмө берди.

Азыр бардык балык азыктары – балык, сууда жашоочу сүт эмүүчүлөр жана омурткасыздар, балырлар жана башка суу өсүмдүктөрү – мурдагыдай талаптарга шайкештиктигин баалоо жөнүндө документтер, анын ичинде улуттук мыйзамдар менен эмес, Техникалык регламенттин талаптарына шайкештиктигин баалоо жөнүндө документтер менен гана жүгүртүүгө чыгарылат.

Сөз жөн гана жаңы балык жана башка суу продукциялары тууралуу гана эмес. Балык техрегламентинин талаптарына шайкеш келүү документтери муздатылган, тоңдурулган, сүрсүтүлгөн, кургатылган, туздалган, ышталган ж.б. көптөгөн түрлөрүнө керек. Алардын ичинде – балдар тамак-ашы үчүн балык азыктары, фарш, консервалар, пресервалар, икра, балыктан, сууда жашоочу сүт эмүүчүлөрдөн жана омурткасыздардан ж.б. тамак-аш майы.

Ал Биримдиктин бул техникалык регламенти ЕЭК Кеңеши тарабынан 2016-жылы кабыл алынганын эскертти. Ошол эле учурда өткөөл жоболор, анын ичинде мурун берилген шайкештик декларацияларын жана шайкештик сертификаттарын колдонуу мөөнөтүн узартуучу жоболор аныкталган. Бул бизнес акырындык менен балыктарга жана балык азыктарына болгон коопсуздуктун жаңы талаптарына өтүүгө, технологиялык өндүрүштү жогорулатууга мүмкүндүк берди.

ЕАЭБ техрегламенти тарабынан Биримдиктин бардык өлкөлөрүндө колдонуу жана аткаруу үчүн милдеттүү тамак аш балык продукциясынын коопсуздугунун биримдиктин рыногунда жүгүртүүгө чыгарылган талаптары аныкталган. Ошондой эле тамак-аш балык азыктарын ЕАЭБте эркин орун которуштуруусун камсыздоо үчүн маркалоо жана таңгактоо боюнча ченемдер. Мындан тышкары, документ өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстерине карата талаптарга таркалат.

Техникалык регламент белгиленген ченемдерге жооп берген жана шайкештигин баалоодон өткөн балык продукциясы ЕАЭБ рыногунда продукциянын жүгүртүлүшүнүн бирдиктүү белгиси менен маркаланарын карайт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу