Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде “Banking business” жана “Legal basics of Economy” курстарынын үйрөнүү алкагында БААУнун студенттери менен Экономика департаментинин жолугушуусу болуп өттү.

Новости
11-Октябрь 2012-ж.
2965

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Чоң залында Banking business” жана Legal basics of Economy” курстарынын үйрөнүү алкагында Борбордук Азияда Америка Университетинин студенттери менен Экономика департаментинин жолугушуусу болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине БААУнун башкы окутуучусу Сагын Омуралиевдин жетекчилиги алдында 32 студент келди. Жолугушууга КР Экономика министрлигинин структуралык бөлүмдөрүнүн, ведомстволук уюмдарынын жетекчилери катышышты.

Саламдашуу сөзү менен статс-катчынын милдетин аткаруучу Айдай Курманова чыгып сүйлөдү, ал жолугушууну уюштурууга ыраазычылык билдирди. Аны сөзү боюнча Министрлик менен БААУнун ортосунда кызматташуу жана БААУнун студенттеринин санынан жогорку квалификациялуу студенттерди даярдоо алкагында жолугушууларды өткөрүүнүн жакшы салты пайда болду. Ушуга окшош жолугушуу өткөн жылы өткөрүлгөн. Кызматташууну мындан ары өнүктүрүү жана өз ара кызматташуу механизмин караштыруучу келишимге кол коюулары жөнүндө кабарлады.

Мындан тышкары, экономикалык иш аракетке кеңири сапэсеп менен КР Экономика министрлигинин саясатты иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы Тилек Саякбаев чыгып сүйлөдү.

Жолугушуу интерактив режиминде өттү, студенттер эл аралык, саясий, инвестициялык, коррупцияга каршы саясатка кызыгышты. Атап айтканда, инвестицияларды тартуу, Министрликтин артыкчылыктары, Бажы союзуна кирүүнү плюстары жана минустары, жана ошондой эле тобокелдиктери тууралуу суроолор берилди.

Жалпысынан, студенттер министрликтин иш аракети, мамлекеттик кызматка кантип өтүү керектиги менен таанышышты. БААУнун китепканасына мамлекеттик болжолдоо системасында стратегиялык документтерди иштеп чыгуу боюнча окутуу-усулдук куралдар өткөрүлүп берилди. Өз кезегинде, БААУнун тобунун жетекчиси презентация кылган Т.Саякбаевге эстеликке белек тапшырды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу