“Евразия жумалыгына” катышунун 5 себеби

Новости
06-Сентябрь 2019-ж.
4491

Биринчи булактардан ЕАЭБтин келечеги жөнүндө маалымат.

Стратегиялык эксперттик сессиялар жакын арада колдонулуп жаткан же колдонула турган методологияны түзүүгө багытталган. Жандуу диалог талкуулоо процессине киргизүүгө мүмкүндүк берет.

ЕАЭБ артыкчылыктары жөнүндө билүү.

В2В сессияларынын алкагында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде бизнес жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрүн жана бонустарды ар түрдүү чөйрөлөрдөн жана менчик формаларынан (чакан бизнестен ири бизнеске чейин) алынган реалдуу тажрыйбалар менен талкуулоого болот.

Экспортко жана инвестицияларга түрткү берүү.

Көргөзмө адаттагыдай эле үчүнчү өлкөлөрдүн экономикасынын реалдуу секторунун өкүлдөрүнүн көп сандаган катышуусун камтыйт. Чет элдик катышуучулар экспорттук жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү жана В2В түздөн-түз эриш-аркак иштешүүгө шарттарды түзүү максатында чакырылган.

Субконтрактация боюнча өнөктөштөрдү табуу.

Программанын алкагында субконтракт алмашуу өтөт. Формат ЕАЭБ жана үчүнчү өлкөлөрдүн ишканаларынын биргелешкен иштерине кызыкдар болгон потенциалдуу өз ара иш алып баруусун түздөн-түз В2В камсыз кылат.

Бизнес жүргүзүүнүн географиясын кеңейтүү. 

Бишкек – ЕАЭБ өлкөлөрү менен Азиянын өлкөлөрүнүн ортосунда өтүүчү жол. Форумга катышуу бардык өлкөлөрдүн катышуучуларына макрорегондордун экономикалык өз ара аракеттешүүсүнүн Заманбап Улуу Жибек Жолун курууну улантууга мүмкүндүк берет.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу