“Нарын” эркин экономикалык аймагы (СЭЗ) жана “Ат-Башы” Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы” ЖЧК ортосунда кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлду

Новости
04-Сентябрь 2019-ж.
6086

2019-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министри Санжар Муканбетовдун, КР Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулунун катышуусунда, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы “Индустриалдык-соода-логистикалык борборду (ИСЛК) куруу” долбоорун ишке ашыруу максатында, “Нарын” эркин экономикалык аймагы (СЭЗ) жана “Ат-Башы” Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы” ЖЧК ортосунда кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.

ИСЛК түзүүнүн негизги максаты болуп төмөнкүлөр саналат:

- Нарын областынын социалдык-экономикалык абалын жана жергиликтүү калктын жашоо-турмушун жакшыртуу;

- Европа менен Азияны бириктирген эл аралык деңгээлдеги жүк ташуу коридорун камсыз кылуу жана транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү;

- Бажы жана чек ара инфраструктурасын өнүктүрүү менен бирге эле Торугарт текшерүү пунктундагы автоунааларды өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көбөйтүү;

- кайра иштетип чыгуучу айыл-чарбадагы азык-түлүк жана өнөр жай тармагындагы товар экспортун өнүктүрүү

- туристтик тармакты өнүктүрүү, кирген туризмдин көлөмүн жогорулатуу; 

- Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөн жол кыймылынын көлөмүн өстүрүү менен бюджеттин кирешелерин көбөйтүү. 

Долбоорду ишке ашыруу товарды жеткирүүдөөгү жана каттоодогу чыгашалардын санын кыскартат жана өлкөнүн транзиттик потенциалын көтөрөт, ошондой эле Ат-Башы району менен Нарын облусун иш орундар менен камсыз кылуу аркылуу жана кошумча салык төлөө менен экономикалык абалын көтөөрүүгө шарт түзөт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу