Лабораториялар аралык салыштырма сыноолор боюнча МИТКнын жумушчу тобунун 10-жыйынынын протоколуна кол коюлду

Новости
03-Сентябрь 2019-ж.
3906

Беларусь Республикасынын Стандартташтыруу боюнча мамлекеттик комитетинин чакыруусуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун лабораторияларды аккредитациялоо бөлүмүнүн башчысы лабораториялар аралык салыштырма сыноолор боюнча МИТКнын жумушчу тобунун мүчөсү катары (лабораториялар аралык салыштыруу) Минскте ЛСС МИТКнын ЖТ 10-жыйынына катышты.

Аталган жыйын Беларусь Республикасынын Стандартташтыруу боюнча мамлекеттик комитетинин базасында өткөрүлдү. ЛСС МИТКнын жумушчу тобунун жыйынына Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Өзбекстан Республикасынын, Украина Республикасынын улуттук органдарынын жана стандарттар бюросунун өкүлдөрү да катышышты.

ЛСС МИТКнын ЖТ катышуучуларына саламдашуу сөзү менен Беларусь Республикасынын Стандартташтыруу боюнча Мамлекеттик комитетинин Төрагасынын орун басары Д. Барташевич кайрылды.

10-жыйындын күн тартибине ылайык, ЛСС МИТКнын ЖТ 11 маселе каралды: лабораториялар аралык салыштырма сыноолор (лабораториялар аралык салыштыруулар-ЛСС) аркылуу квалификацияны текшерүүнү уюштурууга жана жүргүзүүгө бирдиктүү мамилелерди иштеп чыгуу боюнча макулдашылган саясат жөнүндө), өлчөө натыйжаларынын аныктыгын, ошондой эле ЛСС маселелери боюнча мамлекеттер аралык документтерди иштеп чыгуу боюнча улуттук органдардын күч-аракеттерин бириктирүү жана Макулдашууга катышкан мамлекеттердин колдонуудагы жана кайра иштелип чыга турган документтерин шайкеш келтирүү үчүн тастыктоо.

Жыйындын катышуучулары 2018-2019-жылдары Макулдашуунун катышуучу мамлекеттеринде ЛСС аркылуу квалификацияны текшерүү жаатында өткөрүлгөн (өткөрүлгөн) иштер жөнүндө, ошондой эле макулдашууга катышкан мамлекеттерде провайдерлерди таануу жана ЛСС жыйынтыктарын таануу боюнча иш тажрыйбасы менен алмашуу үчүн башка мамлекеттердин провайдерлери жүргүзгөн иштер жөнүндө баяндашты. 

Медицина жана фармацевтика жаатында лабораториялар аралык салыштырма сыноолор жөнүндөгү маселе боюнча Беларусь Республикасынын (фармацевтика жаатында), Кыргыз Республикасынын (жугуштуу ооруларды медициналык диагностикалык изилдөө бөлүгүндө) жана Россия Федерациясынын (клиникалык-диагностикалык изилдөөлөр) өкүлдөрүнүн маалыматтары угулду. 

Каралган материалдардын жана талкуунун жыйынтыктары боюнча жыйындын катышуучулары тарабынан лабораториялар аралык салыштырма сыноо (лабораториялар аралык салыштыруулар) аркылуу квалификацияны текшерүү боюнча макулдашылган сунуштар кабыл алынды жана ЛСС МИТКнын ЖТ 10-жыйынынын протоколуна кол коюлду.

ЛСС МИТКнын ЖТ 10-жыйынынын протоколу СМБ https://easc.by/ интернет сайтында “Жыйындар” бөлүмүндө жайгаштырылган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу