“Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” жана “Жаратылышты өнүктүрүү фонду” КФ түзүү жөнүндө

Новости
30-Август 2019-ж.
6284

2019-жылдын 30-августунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика министри Санжар Муканбетовдун катышуусунда “Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” Коомдук Фондун жана “Жаратылышты өнүктүрүү фонду" Коомдук Фондун түзүү маселеси боюнча пресс-конференция болуп өттү.

Министр белгилегендей, “Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” КФ 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен “Центерра Голд Инк.” Компаниясынын, “Кумтөр Голд Компани” ЖАК жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАК ортосунда курчап турган чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Стратегиялык келишимдин алкагында түзүлгөн.

Ошондой эле, министр С. Муканбетов, аталган фонд билим берүү, спорт жана эс алуу тармактарындагы бардык республика боюнча социалдык өнөктөштүк долбоорлорун колдоо, ошондой эле аймактарды өнүктүрүүгө багытталган башка демилгелерди жана ошондой эле туризмди колдоо жана экотуризмди өнүктүрүү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо үчүн түзүлгөндүгүн маалымдады.

Фонддун негизги милдеттеринин бири болуп аймактардагы ишканаларды түзүү/колдоо болуп саналат, анын ичинде:

- экспортко багытталган өндүрүш;

- инновациялык технологиялар;

- жеңил жана тамак-аш өнөр жайы;

айыл чарба продукциясын кайра иштетүү;

- жыйноочу өндүрүш.

Ошондой эле пресс-конференциянын жүрүшүндө Фонддун негизги финансылык каражаттары 2019-жылы “Центерра Голд Инк.” жана “Кумтөр Голд Компани” ЖАК тарабынан кол коюлган Стратегиялыу макулдашуу боюнча бир тараптуу милдеттенмелерге ылайык “Кумтөр Голд Компани” ЖАКнын каражаттарынын эсебинен калыптанары белгиленди.

Учурда долбоорлорду тандоо критерийлерин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтор түзүлүп, ага Өкмөттүн Аппаратынын, КР Экономика министрлигинин жана Финансы министрлигинин, “Жаратылышты өнүктүрүү фонду” КФ, “Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” КФ өкүлдөрү кирген.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу