КР Экономика министрлигинде Жарандык коргоо боюнча кезектеги окутуу болуп өттү.

Новости
04-Октябрь 2012-ж.
2979

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Чоң залында статс-катчынын милдетин аткаруучу Айдай Курманованын төрагалыгы алдында жарандык коргонуу боюнча кызматчылар үчүн окутуу болуп өттү.

Жарандык коргонуунун абалы, Министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматчыларынан комиссияларды түзүү маселелери талкууланды.

Экономиканы мобилизациялоо секторунун адистери тарабынан министрликте эки комиссия түзүлгөндү тууралуу маалымат берилди: статс-катчынын милдетин аткаруучу А.Курманованын төрагалыгы алдында 10 адамдан турган Жарандык коргоо боюнча комиссия; министрдин орун басары А.Касымалиевдин төрагалыгы алдында 8 адамдан турган эвакуациялык комиссия жана 38 адамдан турган 9 түзүм.

Комиссия тарабынан чечүүчү маселелер: оперативдик, финансылык, материалдык-техникалык камсыздоо, транспорттук, билдирүү жана байланыш, чалгындоо, башкаруу, эвакуациялоо, өрткө каршы коргоо, радиациялык-химиялык коргоо, коомдук тартипти коргоо, санитардык ж.б.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу