КР Экономика министрлиги жана “Кыргыз–Россия Ишкерлер Кеңеши” Ассоциациясы” ЮЖБ ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду

Новости
23-Август 2019-ж.
4570

КР Экономика министрлиги жана “Кыргыз – Россия Ишкерлер Кеңеши” Ассоциациясы” Юридикалык жактардын бирикмеси Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара кызыкчылыктарга таянуу менен ошондой эле көп тараптуу байланыштарды туруктуу жана узак мөөнөттүү негизде тиешелүү уюштуруу жана башка зарыл шарттарды түзүү үчүн кызматташуу жөнүндө Меморандум (мындан ары – Меморандум) түзүштү.

Меморандумдун максаты өнөктөштүк мамилелерди орнотуу жана тараптардын ортосундагы узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана үзүрлүү кызматташууну өнүктүрүү болуп саналат.

Кызматташуунун багыттары жана өз ара аракеттенүүнү уюштуруу.

1. Тараптардын кызматташуусун жүзөгө ашыруу максатында:

- 1.1. Ушул Меморандумдун предметине тиешелүү маалыматтар менен алмашат.

- 1.2. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын тийиштүү мамлекеттик органдарынын, ишкер коомунун өкүлдөрүн, эксперттерин тартуу менен биргелешкен кеңешмелерди өткөрөт. 

- 1.3. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынан потенциалдуу иштиктүү өнөктөрдүн ортосундагы жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү уюштурууга көмөк көрсөтөт.

- 1.4. Зарыл болгон учурда, биргелешкен жумушчу жана консультациялык топторду түзөт, ошондой эле түзүлгөн топтордун ишине катышат.

- 1.5. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу чөйрөсүндө кызматташышат.

- 1.6. Россия Федерациясынын мамлекеттик органдары жана ишкер коомчулугу менен болгон диалогдо Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын биргелешкен аракеттер менен тааныштырышат. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын эки тараптуу мамлекеттик комиссияларынын ишине катышат, алардын алкагында экономикалык кызматташтык маселелери, ошондой эле эки өлкөнүн экономикаларынын субъекттери тарабынан демилгеленген конференциялардын, форумдардын, тегерек үстөлдөрдүн жана көргөзмөлөрдүн иштериндеги маселелер каралат.

- 1.7. Ушул Меморандумду ишке ашыруунун алкагында Тараптардын ишин чагылдыруу максатында, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара иштешет.

- 1.8. Ушул Меморандумду ишке ашыруунун алкагында эл аралык мыйзамдар менен тыюу салынбаган өз ара аракеттенүүнүн башка түрлөрүн жүзөгө ашырат.

2. Тараптар жалпы кабыл алынган практиканын негизинде тең укуктуулуктун, ыктыярдуулуктун, сый көрсөтүүнүн жана ишенимдин негизинде кызматташууну ишке ашырат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу