“Азия жолугушуулары” Эл аралык инновациялык-инвестициялык форуму Новосибирск шаарында өтөт

Новости
23-Август 2019-ж.
3993

2019-жылдын 29-30-августтарында Новосибирск шаарында “Азия жолугушуулары” Эл аралык инновациялык-инвестициялык форуму өткөрүлөт. Форумдун негизги тематикасы - билим берүү жана экономикалык кызматташтык.

Форумдун негизги максаты соода - экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жана чыңдоо, Россиянын ишканаларынын башка өлкөлөр менен кызматташуу чөйрөсүн кеңейтүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, анын уюштуруучулары болуп саналган департамент тарабынан Новосибирск шаарынын өнөр жай, инновациялар жана ишкердик мэриясынын, Эл аралык кызматташтык россиялык ассоциациясынын (Москва) жана Сибирь эл аралык кызматташтык ассоциациясынын (Новосибирск) контракттарына жана башка документтерине кол коюу болуп саналат.

Кызыкдар ишканалар жана уюмдар аталган форумга катыша алышат.

Байланыш маалыматы: Россия Федерациясы, Новосибирск облусу, Нобосибирск ш., Кызыл проспекти, 34. Тел.: (383) 227-40-00, факс: (383) 227-04-58.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу