Бизнес-долбоорлорду тандоо боюнча сынактык комиссиянын иши жөнүндө

Новости
22-Август 2019-ж.
4236

2019-жылдын 22-августунда Бишкек шаарында пресс-конференцияда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин аймактарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын начальниги Айбек Кадыров жана КР Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору Адилбек уулу Шумкарбек, Артыкчылыктуу инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфраструктуралык долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын тандоо боюнча сынактык комиссиянын иши жөнүндө айтып беришти.


А. Кадыров билдиргендей, аймактарды өнүктүрүүгө финансылык колдоо көрсөтүү максатында, 2019-жылдын 10-июлунда Өкмөттүн буйругу кабыл алынган (Сынактык комиссия 2,0 млрд.сом).

Аталган буйрук менен курамында 11 мүчө эсептелген долбоорлорду тандоо боюнча сынактык комиссия бекитилди. Сынактык комиссиянын катчылыгы болуп КР Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги аныкталды.

Арыз берүүчүлөр катары ишкердик субъекттер, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактарды өнүктүрүүгө республикалык бюджетте каралган каражаттардан каржылоого сынактык тандоо үчүн тиешелүү долбоорлорду сынактык комиссиянын Катчылыгына жөнөтө алышат.

Бул максаттар үчүн бюджеттен 2 млрд сом каралган. 

Бул каражаттарды бөлүштүрүү үчүн долбоорлорду тандоо боюнча сынактык комиссия бекитилди. Комиссиянын курамына 11 мүчө кирет.

Аймактарды өнүктүрүүгө республикалык бюджетте каралган каражаттар төмөнкү тартипте пайдаланылат:

- инфраструктуралык долбоорлорго-бардык каражаттардын 20 %ы;

- инвестициялык долбоорлорго жана өнүктүрүү программаларына — бардык каражаттардын 80 %ы.

Өнүктүрүү программаларын каржылоо аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын максаттарына жооп берген конкреттүү инвестициялык долбоорлор боюнча тиешелүү финансылык-кредиттик мекемелер, өнүктүрүү институттары, региондорду өнүктүрүүгө каралган республикалык бюджеттин каражаттарынан инвестициялык фонддор аркылуу жүргүзүлөт

Тандалып алынган долбоорлорду насыялоо жана инвестициялык каржылоо инвестициялык жана финансылык институттар, ошондой эле аймактарды өнүктүрүүгө каралган республикалык бюджеттин каражаттарынан финансылык-кредиттик мекемелер аркылуу жүргүзүлөт.

Инвестициялык жана кредиттик ресурстарды берүүнүн шарттары арыз ээси менен финансы-кредиттик мекемелердин, ошондой эле инвестициялык жана финансылык институттардын ортосундагы тиешелүү макулдашуулар менен аныкталат.

Ишке ашыруунун жүрүшүндө авторго жардам берүүчү кураторлор бекитилет. Учурда сынактык комиссия үчүн, ошондой эле финансы-кредиттик мекемелер үчүн инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфраструктуралык долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын тандоо боюнча тиешелүү критерийлер иштелип чыкты.

“Бул долбоордун жөнөкөй насыядан кандай айырмасы бар? Айырмасы мөөнөтүндө - 10 жылга чейин 6 % менен насыя алууга болот, бул абдан ыңгайлуу. Мындан тышкары, күрөө менен көйгөйдү чечсе болот, анткени бул учурда сатылып алынуучу жабдуунун өзүн күрөөгө алууга болот” - Адилет уулу Шумкарбек билдирди.

Бүгүнкү күндө сынактык комиссиянын эки жыйыны болуп өттү (16 жана 20-августта), анда тандоонун критерийлери бекитилди, ошондой эле 4 бизнес долбоор жактырылды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу