Республиканын аймактарынын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү продукцияларды экспорттоо боюнча тажрыйба алмашышты

Новости
21-Август 2019-ж.
4781

Нарын шаарында Кыргызстан жана “Нарын” ЖИА колдоосу менен республиканын аймактарынын бизнес-коомчулугу үчүн “Кербен эксперти” аймактар аралык семинар өткөрүлдү.

Республиканын аймактарынын бизнес-коомчулугу үчүн мамлекеттик органдардын жана “Ат - Башы сүт” ЖЧК, “Дордой - Дары” ЖЧК, “Жанар – Бек” ЖЧК сыяктуу экспортко багытталган ишканалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңири масштабдагы иш-чараларды өткөрүүнүн максаты төмөнкүлөр болуп саналат:

- учурда иштеп жаткан ата мекендик экспорттоочулар менен потенциалдуу экспорттоочулардын ортосунда продукцияны экспорттоо маселелери боюнча тажрыйба алмашуу;

- экспортко ата мекендик продукцияларды илгерилетүү үчүн маалыматтык технологияларды пайдалануу;

- чыгарылуучу продукциянын сапатын жана коопсуздугун жогорулатуу үчүн анын ичинде ХАССП принциптерине негизделген стандарттарды киргизүү аркылуу экспорттук-импортту алмаштыруучу ишканаларды, ишкердик субъекттерин каржылоо булактары.

Ошондой эле “Экспорт кербени семинарынын алкагында Нарын шаарына республиканын бардык аймактарынан келген жана жергиликтүү экспортко багытталган продукциялардын көргөзмөсү уюштурулган.


Онлайн кайрылуу