Кыргыз Республикасынын Бизнес-омбудсмени көрсөтүлдү

Новости
16-Август 2019-ж.
4613

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын мыйзамсыз аракеттерине же аракетсиздигине карата ишкердик субъекттеринин көп сандаган кайрылуулары, ошондой эле экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы коррупцияны ажыратуу боюнча сунуштамалары Бизнес-омбудсмен институтун ишке киргизүү боюнча кызмат кылды. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Экономика министринин орун басары Э. Алишеров билдирди

Ушундан улам Бизнес-Омбудсмен институтунун негизги максаты келип чыгат - ишкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын мамлекеттик коргоонун кепилдиктерин камсыз кылуу жана алардын мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер жана мамлекеттик ишканалар жана кызмат адамдары тарабынан сакталышы.

Ошентип, өлкөдөгү чакан жана орто ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү жолундагы негизги кадам КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 647 “Ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам (Бизнес-акыйкатчы) жөнүндө” токтомун кабыл алуу болду, анда төмөнкүлөр көрсөтүлгөн:

  1. Ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адамдын (Бизнес-акыйкатчы) кызмат орду түзүлсүн.
  1. Ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам (Бизнес-акыйкатчы) жөнүндө Жобо бекитилсин.

Бизнес-Омбудсмендин жетектөөчү органы болуп Байкоочу кеңеш саналат.

Байкоочу кеңеш 3 тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн турат:

1 - Тарап - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү;

2 - Тарап - өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр;

3 - Тарап бизнес-ассоциациялар.

Байкоочу кеңештин жыйындарынын жыйынтыгында, Өкмөттүн 2019-жылдын 13-августундагы № 297-б буйругу менен Кыргыз Республикасынын ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп Робин Орд-Смит дайындалды

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу