Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин экономика министрликтеринин жетекчилеринин кеңешмеси

Новости
07-Август 2019-ж.
4217

2019-жылдын 7–августунда Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылында, Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын отурумдарынын алдында Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринин экономика министрликтеринин жетекчилеринин биринчи Кеңешмеси болуп өттү.

Бул жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигине мүчө – мамлекеттердин экономика министрлери жана Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү төмөнкүлөрдү талкуулашты:

- мүчө мамлекеттердеги макроэкономикалык кырдаалга жана интеграциялык процесстерге соода жүргүзүүдөгү чектөөлөрдүн таасири;

- ЕАЭБ мүчө-мамлекеттериндеги макроэкономикалык кырдаалды жана мүчө мамлекеттердин экономикаларынын макроэкономикалык туруктуулугун жогорулатуу;

- 2025-жылга чейин экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктоочу документтерди даярдоо боюнча иштин жүрүшү.

Күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча конструктивдүү талкуу болду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу