Соода жана өнүктүрүү боюнча ЭМПРЕТЕК пилоттук тренинги жөнүндө

Новости
06-Август 2019-ж.
3982

2019-жылдын 2-августунда Бириккен Улуттар Уюмунун соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД) инвестициялар жана ишкердик бөлүмүнүн ишкердик секторунун жетекчиси Татьяна Крылова айымдын КР Экономика министрлигинин базасында ЭМПРЕТЕК (испан тилинен emprendedores – ишкерлер жана technologia - технология) семинарына тиешелүү өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр үчүн презентация тартууланган.

Жолугушуунун жыйынтыгында өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр ишкердик мүмкүнчүлүктөрдү арттыруу жана өлкөдө ишкердик ишмердүүлүктү ийгиликтүү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасында ЭМПРЕТЕК окутуу борборун түзүү маселесин талкууланды.

Маалымат үчүн:

Ишкерлик потенциалын жана ишкерлик иш жүргүзүү компетенциясын өстүрүү максатында, КР Экономика министрлиги тарабынан БУУӨП менен биргеликте ишкерлер үчүн ЭМПРЕТЕК (испан тилинен emprendedores – ишкерлер жана technologia - технология) семинары уюштурулду, ал ЮНКТАД тарабынан (БУУ соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясы) дүйнөнүн 35 өлкөсүндө ийгиликтүү ишке ашырылып келе жатат.

ЭМПРЕТЕК Программасынын негизги милдети - бизнеске карата ишкердик мамилени түзүү; жашоону гана эмес, калктын, чакан бизнестин өсүшүн камсыз кылууга жөндөмдүү, ошону менен калктын ичинде аз камсыз болгон катмарлардын иш менен камсыз болуусун жана кирешесин жогорулатууга жөндөмдүү ишкер-лидерлер.

Семинардын программасы ЭМПРЕТЕКтин методологиясына ылайык негизги 10 параметрлерди (ишкердин же менеджердин жеке компетенцияларын, анын ишинде ишкердик мамиле кылуу талап кылынат) аныктоого жана өнүктүрүүгө багытталган, алар бизнестеги ийгиликтин негизги факторлору болуп саналат.

Кызыккан суроолорду Экономика министрлигинин инвестициялык саясат башкармалыгына 62-05-35 (+159, +327) телефондору боюнча кайрылууга же ipd@mineconom.gov.kg электрондук дарекке жөнөтүүгө болот.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу