Гарвард университетинин методологиясы боюнча ишкерлер үчүн ЭМПРЕТЕК боюнча пилоттук тренингдин жабылуу расмий аземи 3-августта өтөт

Новости
01-Август 2019-ж.
3980

Гарвард университетинин методологиясы боюнча Кыргыз Республикасында жана Борбордук Азияда биринчи жолу өткөн ЭМПРЕТЕК пилоттук тренингин жабуу расмий аземи 2019-жылдын 3-августунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу академиясынын имаратында саат: 18.00 дө өтөт (202-б), 2-кабат, Панфилов көчөсү, 237.

Иш-чараны жабуу салтанатынын жүрүшүндө тренингдин жыйынтыктары чыгарылат жана жалпы дискуссия уюштурулат, анда чакырылган коноктор уникалдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып эл аралык класстагы сертификацияланган машыктыруучуларга, ЮНКТАД жана Экономика министрилгинин өкүлдөрүнө ар кандай кызыккан суроолорун бере алышат, ошондой эле квалификациялуу консультацияларды ала алышат.

Ошондуктан, биринчи ЭМПРЕТЕК тренингинин жыйынтыктары менен таанышуу үчүн ЖМКнын бардык кызыкдар өкүлдөрү чакырылат.

Маалымат үчүн:

Ишкерлик потенциалын жана ишкерлик иш жүргүзүү компетенциясын өстүрүү максатында, КР Экономика министрлиги тарабынан БУУӨП менен биргеликте ишкерлер үчүн ЭМПРЕТЕК (испан тилинен emprendedores – ишкерлер жана technologia - технология) семинары уюштурулду, ал ЮНКТАД тарабынан (БУУ соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясы) дүйнөнүн 35 өлкөсүндө ийгиликтүү ишке ашырылып келе жатат.

Программанын негизги милдети - бизнеске карата ишкердик мамилени түзүү; жашоону гана эмес, калктын, чакан бизнестин өсүшүн камсыз кылууга жөндөмдүү, ошону менен калктын ичинде аз камсыз болгон катмарлардын иш менен камсыз болуусун жана кирешесин жогорулатууга жөндөмдүү ишкер-лидерлер.

Семинардын программасы ЭМПРЕТЕКтин методологиясына ылайык негизги 10 параметрлерди (ишкердин же менеджердин жеке компетенцияларын, анын ишинде ишкердик мамиле кылуу талап кылынат) аныктоого жана өнүктүрүүгө багытталган, алар бизнестеги ийгиликтин негизги факторлору болуп саналат.

Кызыккан суроолорду Экономика министрлигинин инвестициялык саясат башкармалыгына 62-05-35 (+159, +327) телефондору боюнча кайрылууга же ipd@mineconom.gov.kg электрондук дарекке жөнөтүүгө болот.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу