Экономика министрлигинин башчысы Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси менен болгон жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу маселелерин талкуулады

Новости
01-Август 2019-ж.
4194

2019-жылдын 30-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика министри Санжар Муканбетов менен Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Чарльз Гарретт мырза менен жолугушуусу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык инвестициялык, кызматташуу жана 2019-жылдын ноябрь айында Бишкек ш. боло турган DFID (Улуу Британиянын Эл Аралык Өнүктүрүү департаменти) катышуусундагы донордук эл аралык конференция маселелери талкууланды.

Элчи мырза Улуу Британиянын Кеңеши “Креативдүү экономика” демилгесин илгерилетет деп белгиледи. Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнөн түзүлгөн жумушчу топ бул багыттагы иштерди жүргүзүп жатат. Британ тарап Борбордук Азия өлкөлөрүндө бул тармакты өнүктүрүүгө кызыкдар. Тараптар бул багытты Кыргыз Республикасында алга жылдыруу тууралуу макулдашты.

Министр белгилегендей, 2040-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында аны өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттары аныкталып, программалар түзүлүп, жумушчу топтордун иш-аракеттери ишке ашырылууда. Улуттук стратегиялардын артыкчылыктары менен дал келген учурда, бул жааттарда тыгыз кызматташтыкты да орнотуу мүмкүн.

Элчи Улуу Британиянын инвесторлорунун тобу Кыргыз Республикасындагы билим берүү тармагын өнүктүрүүгө инвестицияларды өкмөттүк кепилдик менен камсыздоого кызыкдар экендигин билдирди. Салымдар эки бөлүктөн – гранттан жана кредиттен турат. Бул каражаттарды, кесиптик-техникалык билим берүү, мектеп, китептер ж. б. сыяктуу билим берүү чөйрөсүнүн ар кандай бөлүктөрүнө багыттоо пландалууда.

Мындан тышкары, жолугушууда эки өлкөнүн өкмөттөрү ортосунда кол коюлган Кош салык салуудан качуу тууралуу Макулдашуу күчүнө кириши боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү боюнча маселе талкууланды.

Жолугушуу конструктивдүү нукта өтүп, жыйынтыгында эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө ар тараптуу аракет көрсөтүү тууралуу келишимдерге жетишилген.

*Маалымат үчүн: Креативдүү экономика — интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарына негизделген экономиканын өзгөчө сектору. Негизги өзгөчөлүктөр болуп төмөнкүлөр саналат:

- адамдын ишмердигинин ар түрдүү тармактарында жаңы технологиялардын жана ачылуулардын жогорку ролу;

- жогорку даражада белгисиздик;

учурдагы билимдердин ири көлөмү жана жаңы билимдердин генерациясынын курч муктаждыгы.

Мындан тышкары, креативдүү экономика креативдүү мамиле көз карашы менен мүнөздөлөт, анын негизин долбоордук ой жүгүртүү, креативдүү элестетүү, практикалык багыты түзөт.

Бүгүн креативдүү экономиканын лидери болуп Улуу Британия таанылды, ал экономикалык, маданий жана социалдык өз ара аракеттенүү аркылуу улуттук экономиканы өнүктүрүүнүн укуктук базасын, стратегиялык жана саясий документтерин иштеп чыккан жана иштеп чыгууну улантууда.

Улуу Британиянын Маданият, маалымат жана спорт министрлиги интеллектуалдык менчикти түзүүгө жана пайдаланууга негизделген тармактарды креативдүү экономикага киргизген, тактап айтканда: жарнама, архитектура, кол өнөрчүлүк, кинематография, дизайн, кийимдердин моделдерин түзүү, интерактивдүү оюн-зоок программалары, музыка, аткаруучулук искусство, басма сөз, программалык камсыз кылуу жана эсептөө системасы, телевидение жана радио.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу