Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги республиканын курулуш тармагына Еврокоддорду колдонуу маселесин иштеп чыгууда.

Новости
13-Сентябрь 2012-ж.
2564

Еврокоддор – улуттук органы стандартташтыруу (NSB) боюнча CENге мүчө болуп саналган, Евросоюз өлкөлөрү колдонуучу европалык курулуш кодекси.

Еврокоддор курулуштук долбоорлордун негизин жана курулуш материалдарынын негизги түрлөрүн ичине камтыйт. Еврокоддор Евросоюз деңгээлинде макулдашылган жана улуттук өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен мүчө - өлкөлөрдө колдонууга сунуш кылынган.

Еврокоддорго улуттук тиркемеде өлкөнүн ар кандай сейсмологиялык, климаттык, экологиялык, экономикалык, улуттук жана башка өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен курулуштун өзүнчө параметрлерине кошумча талаптар каралат. Бул талаптарды ар бир өлкө өз алдынча аныктайт.

Россия Федерациясынын тажрыйбасы көрсөткөндөй республиканын географиялык жана климаттык өзгөчөлүктөрүн эске албастан түздөн-түз европалык ченемдерди пайдалануу аварияга жана кулап калууга алып келет, анткени Кыргыз Республикасынын негизги аймагы сейсмикалык активдүү зонада жайгашкан.

Кыргыз Республикасынын курулуш тармагына Еврокоддорду жайылтуу үчүн төмөнкү кадамдарды жасоо зарыл:

1. Кыргызстанда Еврокоддорду колдонууга CENден уруксаат алуу;

2. Стандартташтыруу боюнча улуттук орган өз ара аракеттешүү жөнүндө CEN менен макулдашуу түзүү;

3. Кыргыз Республикасынын CENге кириши;

4. Еврокоддорду алуу;

5. Еврокоддорго Улуттук тиркемелерди иштеп чыгуу;

6. Иштелип чыккан Еврокоддорду колдонуу боюнча Еврокоддун нускамасын иштеп чыгуу.

CEN Еврокоддорду расмий түрдө бергенден кийин ЦСМ Мамлекеттик курулуш агенттиги менен биргеликте жогоруда көрсөтүлгөн кадамдарды ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын иштеп чыгуусу керек.

Еврокоддорду Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүү Стандартташтыруу боюнча улуттук органдын буйругу менен ишке ашырылат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу