Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин мындан аркы кызматташуусунун зарылдыгы жөнүндө

Новости
30-Июль 2019-ж.
8332

2019-жылдын 29-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс менен министр Санжар Муканбетовдун жолугушуусу болуп өттү.

Аталган жолугушуунун алкагында КР Экономика министрлиги тарабынан үстүбүздөгү жылы ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоорлор, ошондой эле долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча пландар талкууланды.

Талкуулоонун активдүү темалары болуп төмөнкүлөр саналат:

- Кыргыз Республикасында Ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү долбоору;

- “Мекеним” программасын ишке ашырууга колдоо көрсөтүү: максаттуу топ үчүн окутуу, практикалык консультациялар жана коштоо, ошондой эле “Мекеним” программасын иштеп чыгуу үчүн экспертти жалдоо;

- Кыргызстандын үч шаарында айлана-чөйрөнү коргоо боюнча маселелерди кошуу менен социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын (СЭӨП) иштеп чыгууга колдоо көрсөтүү. 2018-жылы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн суроо-талабы боюнча ГAOOCJIX менен тыгыз кызматташуусунда ЕККУнун Программалык кеңсеси Экономика министрлигине Кыргызстандын эки шаарында (Ош, Токмок) айлана-чөйрөнү коргоо боюнча маселелерди киргизүү менен социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын (СЭӨП) иштеп чыгууга эксперттик колдоо көрсөттү. 2019-жылы Экономика министрлиги дагы үч шаарды - өсүү башатын (Кочкор, Кара-Суу жана Баткен) сунуштады.

- долбоордун алкагында иштелип чыккан жөнгө салуунун тутумдук талдоосу иштелип чыккан сунуштамалардын тийиштүү аткарылышын илгерилетүү боюнча долбоорду ишке киргизүү;

- 2019-жылдын сентябрында Ошто ЭКСПО - 2019 өткөрүүгө жардам;

- пилоттук долбоор-аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү аялдарды экономикалык жактан күчтөндүрүү: бизнес пландаштыруу боюнча окутуу, коштоп жүрүү, бизнес ачуу үчүн каржылык эмес ресурстарды берүү.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар ишке ашырылып жаткан жана пландаштырылган долбоорлордун маанилүүлүгү жөнүндө белгилешти, анын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот. Ошону менен бирге, КР Экономика министрлигинин жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин мындан ары кызматташуусунун зарылдыгы белгиленди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу