МЖӨнүн кесипкөй катышуучуларын сертификаттоонун программасы жөнүндө

Новости
29-Июль 2019-ж.
4327

2019-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) колдоосу менен министрликтердин жана ведомстволордун, Жогорку Кеңештин, мамлекеттик ишканалардын, финансы мекемелеринин, эл аралык уюмдардын жана жеке сектордун адистеринин Дүйнөлүк банктын тобуна кирген мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) маселелери боюнча дараметти өстүрүү боюнча иш-чаралардын сериясы аяктады.

Өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 42 катышуучу окуу программасы менен ийгиликтүү өткөн жана МЖӨ кесипкөй катышуучуларынын эл аралык сертификациясына экзамен (ӨЖ3Р) тапшырышкан.

Бул Программа мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн мыкты тажрыйбаларын жайылтууга багытталган, бул программа бүткүл дүйнө боюнча иштеп жаткан жана потенциалдуу МЖӨ алкагында долбоорлорду башкаруу тууралуу адистештирилген билим алууга мүмкүндүк берет. CP3P иштелип чыккан жана билим берүү аттестациялоо чөйрөсүндө жана APMG International тастыктоо компаниясы тарабынан лидер катары таанылган

Белгилей кетчү нерсе, МЖӨ өлкөдө жеке секторду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик стратегиянын маанилүү багыты болуп саналат. Кыргыз Республикасы инфраструктуралык инвестицияларга жана бюджеттик каражаттардын чектелишине болгон анын зор керектөөлөрү менен ар кандай социалдык-экономикалык чөйрөлөрдө МЖӨ долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырууга муктаж.

Мындай маанилүү аспектиден тышкары, инфратүзүмгө инвестиция тартуу жана тобокелдиктерди бөлүштүрүү үчүн капиталды тартуу, МЖӨ ошондой эле инновацияларды өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана экономикалык өсүштү камсыз кылууга жардам берет. Ушул себептен көптөгөн өлкөлөрдүн өкмөттөрү МЖӨ өз өнүгүү стратегиясынын борбордук элементи катары таанылган.

Маалымат үчүн: 

APMG (APM Group) International - дүйнөдөгү кадыр-барктуу аккредитациялоо жана экспертиза институту. APMG тастыктамалоонун кесипкөй схемаларынын кеңири спектрине окуу курстарын жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн окуу курстарын жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү үчүн уюмдарды аккредитациялайт.

МЖӨ APMG сертификаттоо программасы Дүйнөлүк банк тобу, IFC кошкондо, Азия өнүктүрүү банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Америка аралык өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Көп тараптуу инвестициялык фонду тарабынан колдоого алынган.

Public-Private Partnerships Certification Program (CP3P) - МЖӨ жаатындагы адистерди сертификаттоонун APMG тарабынан иштелип чыккан программа, МЖӨ боюнча зарыл болгон долбоордук топко негизги көндүмдөрдү өздөштүрүүгө багытталган. Бул программада экономиканын ар түрдүү секторлорунда келечектүү жана натыйжалуу долбоорлорду түзүү жана ишке ашыруу үчүн зарыл болгон МЖӨ процессин сүрөттөө үчүн жалпыланган билим сунушталат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу