Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдын жаңы редакциясы жөнүндө

Новости
29-Июль 2019-ж.
3938

2019-жылдын 22-июлунда Өлкөнүн Президенти тарабынан “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясына кол коюлган. Бул Мыйзам кол коюлганга чейин Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 19-июнунда жактырылган.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) маселелерин жөнгө салуучу жаңы мыйзам, бул мыйзамды колдонуунун практикалык тажрыйбасын эске алуу менен жана аны ийгиликтүү эл аралык тажрыйбага ылайык келтирүү менен МЖӨнүн мыйзамдык базасын өркүндөтүү максатында чыгарылган. Мыйзамдын жоболору мамлекеттик жана жеке өнөктөр ортосунда экономикалык жана ишкер мамилелерди түзүү үчүн кыйла либералдуу шарттарды түзүүгө МЖӨ долбоорлору боюнча баалардын жана сапаттын мыкты катышына/балансына жетишүү мүмкүнчүлүк берет.

Аны МЖӨ жөнүндө колдонулуп жаткан мыйзамдан айырмалап турган негизги ченемдер бул акционердик коомдордун мүмкүнчүлүгү, добуш берүүгө укук чегерген акциялардын элүү жана андан ашык пайызы мамлекетке өнөктөш катары чыгууга таандык. МЖӨ Мыйзамынын жаңы редакциясында МЖӨ колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү электрондук башкаруу, финансы жана банктык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү инфратүзүмдүк объекттерге жана/же инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөргө карата да колдонулат. Ошондой эле мамлекеттик экономикалык колдоонун түрлөрүнүн тизмеси чакан долбоорлор боюнча лицензия жана уруксат алууга көмөк көрсөтүү жөнүндө пунктча менен толукталды, тактап айтканда тендердин жеңүүчүсүн тандап алууну өткөрүү үчүн бир тендердик сунушту берүү жетиштүү, ал эми тендердик жол-жоболордун мөөнөттөрү 90 күнгө чейин кыскартылган.

Ушул Мыйзамдын негизги артыкчылыгы долбоордун жеке демилгечисине, башка катышуучу бир кыйла пайдалуу сунуш берген учурда, өзүнүн финансылык сунушун кайра кароого мүмкүндүк берүүчү жеке демилгелерге дем берүү үчүн жеке өнөктөштү тандоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү болуп саналат. Ошондой эле, эгерде долбоордун жеке демилгечиси тендердин жеңүүчүсү болуп таанылбаган учурда, анда тендердин жеңүүчүсү ага жеке демилге жөнүндө сунушту иштеп чыгууга кеткен чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү. Долбоорлорду даярдоонун жана алдыга жылдыруунун жеңилдетилген шарттары жеке өнөктөрдү кеңири тандоо тизмесин түзүү аркылуу кыйла натыйжалуу тартууга мүмкүндүк берет.

Мыйзамда ченемдик укуктук акт расмий жарыяланган күндөн 3 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет деп белгиленген. Бул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып даярдык көрүү же тендер стадиясында турган МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жаңы мыйзамда белгиленген жол-жоболорго ылайык мамлекеттик өнөктү тандоо боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу