Министр Т.Сариев “Экономикалык башкаруу жаатында потенциалды өстүрүү” Дүйнөлүк банктын долбоорунун Байкоо кеңешинин отурумун өткөрдү.

Новости
26-Август 2012-ж.
2748

""

Күн тартиби төмөнкү маселелерди камтыды:

Өкмөттүн деңгээлинде макроэкономикалык саясатты иштеп чыгуу жана координациялоо үчүн институционалдык жана техникалык негиздер” Компонент 1 боюнча иштерди ишке ашыруу жана жетишилген натыйжалар жөнүндө.

Докладчы: Т.С.Абдыгулов- Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын Экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы, Компонент 1 жетекчиси

Керектөөчү үчүн колдонмо (Кыргыз Республикасы үчүн адаптацияланган). Дүйнөлүк банктын RMSM-X модели” долбоорун презентациялоо.

Докладчы: Н.К.Токтогулова- макромоделирование боюнча консультант (2.4 подкомитети)

Мамлекеттик кызматта эмгек акы системасын жана квалификациялык торчону реформалоо” Компонент 3 боюнча иштерди ишке ашыруу жана жетишилген натыйжалар жөнүндө.

Докладчы: А.А.Болотбаев- КР Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасынын орунбасары, Компонент 3 жетекчис

и

Компоненттин жетекчилери Байкоо кеңешинин мүчөлөрүн өздөрүнүн багыттары боюнча иштерди ишке ашыруунун жүрүшү менен тааныштырышты. Талкуулоонун жүрүшүндө сунушталган отчетторду маалыматка алуу, ал эми Дүйнөлүк банктын модели боюнча колдонмону Министрдин ички буйругу менен бекитүү чечими кабыл алынды. Колдонмону бекитүү долбоорду ишке ашырууда жетишилген институционалдык натыйжалар жана макроэкономикалык болжолдорду иштеп чыгуу процессин технологиялаштырууга багытталган маанилүү кадам болуп эсептелет.

Экономикалык башкаруу жаатында потенциалды өстүрүү” Дүйнөлүк банктын долбоору өзүнүн ишин 2009-жылдан тартып баштаган. Долбоорду иштеп чыгуунун максаты Кыргызстанда ишке ашыруу жана экономикалык саясат үчүн потенциалды жана структураны түзүү жана институциялаштыруу болуп эсептелет.

Долбоордун айрыкча маанилүү максаттары:

-макроэкономикалык саясатты жакшыртуу жана ведомстволор аралык координацияны колдоо жолу менен чечимдерди кабыл алуу;

-экономикалык өнүгүүнү колдоо жана саясатты ишке ашыруу;

-мамлекеттик кызматта ишке кабы алуу тажрыйбасын жана айлык акыны реформалоону колдоо, ушул жаатта атайын иш тобуна потенциалды өстүрүү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу