Кыргыз Республикасы менен Венгрия Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө Макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү аякташты

Новости
25-Июль 2019-ж.
4217

2019-жылдын 22-июлунан 25-июлуна чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун талкуулоо боюнча сүйлөшүүлөр болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен айрым ченемдердин мамилелери боюнча толук өз ара түшүнүшүүгө жетишишти.

Эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн ортосундагы эки тараптуу инвестициялык келишим эки өлкөнүн ортосундагы инвестицияларды колдоонун жана коргоонун шарттарын карайт. 

Жетишилген натыйжалар эки өлкөнүн бизнеси үчүн өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары тереңдетүү үчүн негиз түзөт жана жеке инвестицияларды демилгелөө максатында өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого көмөк көрсөтөт. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу