«Мөмөлөр боюнча кошумча наркты түзүү чынжырчасында стандарттарды сактоо боюнча потенциалдарын бекемдөө жолу менен чакан жана орто ишканалардын рынокко жетүүсүн кеңейтүү» экономикалык өнүгүү долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Швейцария Федералдык Кеңешинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум

Новости
25-Июль 2019-ж.
4187

Кыргыз Республикасында экономикалык өнүгүү «Жемиштер боюнча кошумча наркты түзүү чынжырчасында стандарттарды сактоо боюнча алардын потенциалын бекемдөө жолу менен чакан жана орто ишканалардын рынокко жетүүсүн кеңейтүү» долбоорунун максаты:

- чакан жана орто ишканалардын (ЧОИ) рынокко жетүүсүн кеңейтүү максатында сапаттын жана стандарттардын талаптарына ылайык жемиштер үчүн кошумча нарк чынжырчасын (КНЧ) өнүктүрүү жолу менен улуттук атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу. 

Долбоордун узактыгы – 3 жыл (36 ай). 

Негизги өнөктөш Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, башка өнөктөштөр Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, агрардык чөйрөдө ЧОИнин субъекттери, фермерлер, бизнес-ассоциациялар жана жемиштер боюнча КНЧга тартылган башка катышуучулар. Аткаруучу уюм ЮНИДО болот.

Сапат инфратүзүмүнүн жана стандарттарга ылайык келүүнү камсыздоо тематикалык жаатында ЮНИДО SECOнун башкы аткаруучу өнөктөш, ошондой эле бул реформалоодо дүйнөдө таанылган эксперт болуп саналат.

Кыргызстан үчүн өлкөлүк долбоор ЮНИДОнун экспертизасынын алдында турат жана улуттук сапат инфраструктурасын чыңдоо жана жеке секторду колдоо көрсөтүү боюнча эки негизги багытты айкалыштырат, негизинен чакан жана орто бизнести, рынокко чыгуу үчүн алардын мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоодо.

Долбоордук документ жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасынын улуттук сапат инфраструктурасын талдоонун алкагында даярдалган.

Долбоор үчөөнө жетүүгө багытталган, ошону менен өлкө туш болуп жаткан стандарттар жаатындагы негизги көйгөйлөргө жооп берет.

1-натыйжа: Жемиштер боюнча кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүүдө Улуттук сапат инфраструктурасынын системасынын техникалык компетенттүүлүгүн жана туруктуулугун чыңдоо;

2-натыйжа: Жемиштер боюнча КНЧны камтыган эл аралык стандарттарды жана техникалык регламенттерди сактоо үчүн ЧОБнын субъекттеринин потенциалын чыңдоо;

3-натыйжа: Жемиштер боюнча кошумча нарк чынжырчасынын бойлото сапат маселелеринде маалымдоону жогорулатуу.

Долбоордук документте төмөнкүлөр каралган:

Швейцария Федералдык Кеңеши Долбоорго 2019-2022-жылдар мезгилге 968 130 АКШ доллар өлчөмүндө максималдуу сумманы кайра катарылгыс төгүм катары берүүгө милдеттенет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ички жактыруу жол-жобосуна ылайык долбоор үчүн кошумча акчалай сумманы бере алат. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу