Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана ЕККУ Академиясынын ортосунда бүтүрүүчүлөрдүн стажировкасы тууралуу макулдашууга кол коюлду

Новости
23-Июль 2019-ж.
4306

2019-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана “Бишкектеги ЕККУ академиясы” коомдук фондунун ортосунда бүтүрүүчүлөрдүн стажировкасы жөнүндө макулдашууга КР ЭМ статс-катчысы Айдин Шаршеев жана Бишкектеги ЕККУ академиясынын директору Александр Вольтерс тарабынан кол коюлду.

ЕККУ академиясы Бишкек шаарында дипломдон кийинки билим берүүнүн, потенциалдын, илимий изилдөөлөрдү жана диологдорду өнүктүрүүнүн аймактык борбору болуп эсептелет, ал ЕККУга катышуучу-өлкөлөрдүн колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана ЕККУнун ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун негизинде түзүлгөн.

Стажировканын негизги максаты Министрлик тарабынан натыйжалуу насаатчылыкты жана кураторлукту камсыздоо жолу менен стажердун кесиптик потенциалын жогорулатуу болуп саналат.

Аталган Макулдашуунун алкагында Академиянын магистрдик программасынын бир бүтүрүүчүсү жыл сайын Кыргыз Республикасынын Экономика министлигинде стажировкадан өтөт. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу