Экономика министрлигинин жамаатына министрдин жаңы орун басары Султан Ахматов тааныштырылды

Новости
23-Июль 2019-ж.
4415

Бүгүн, 2019-жылдын 23-июлунда КР Экономика министрлигинин чоң залында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси Самат Кылжыев жана Экономика министри Санжар Муканбетов министрликтин жамаатына министрдин жаңы орун басары Ахматов Султан Маматовичти тааныштырышты.

С. Кылжыев белгилегендей, 2019-жылдын 22-июлундагы № 382 С. Ахматовду дайындоо жөнүндөгү тийиштүү буйрукка КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Белгилүү болгондой, С. Ахматовдын экономика, каржы тармагында катардагы адистен баштап министрдин орун басарына чейин мамлекеттик кызматта өтө чоң иш тажрыйбасы бар. Чет элдик исвестициялар жана экономикалык өнүктүрүү боюнча КР Мамлекеттик комитетинин инвестициялык зайымдар жана гранттар бөлүмүнүн начальниги, КР Экономика жана Финансы министрлигинин жардамдарды координациялоо башкармалыгынын жардам көрсөтүүнү координациялоо бөлүмүнүн башчысы, КР Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин жардам көрсөтүү стратегиясы башкармалыгынын начальниги, министрдин орун басары, Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциянын директору, КР Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору кызматтарын аркалаган. “Өлкөнү экономикалык жактан өнүктүрүү максаттарына жетүү үчүн иш жүзүндө жаңы рычагдарды колдонуу менен натыйжалуу жана жыйынтыктуу иштеди”, - деп билдирди С. Кылжыев.

Ошондой эле Министр С. Муканбетов, С. Ахматов мындан ары да мамлекеттик экономикалык саясатты ишке ашырууда бардык күч-аракетин жумшайт деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде С. Ахматов биргелешкен иштердин бардык багыттары боюнча болгон темптерди актоого аракет кыларын белгилөө менен ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

РЕЗЮМЕ



Аты-жөнү:

Султан Ахматов

Туулган күнү:

13-июнь, 1969-жыл 

Жарандыгы:

Кыргыз Республикасы

Жашаган жери:

Бишкек, Кыргыз Республикасы

Билими:

Жогорку

Адистиги:

Финансы жана кредит боюнча экономист, 2003-ж.

Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетине караштуу Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институту.

Эл аралык укук боюнча Магистр, 1998-ж.

Кыргызстан Эл Аралык Университети, Кыргыз Республикасы

Аба кыймылын башкаруу инженери, 1993-ж.

Рига Аэронавигациялык Институту, Латвия  

Тил билүүсү:

Кыргыз, Орус, Англис

Компьютердик көндүмдөрү:

Microsoft Word, Microsoft Excel, Microsoft PowerPoint, Интернетэлектрондукпочта

Иш тажрыйбасы:


10/2018 – азыркы мезгилге чейин: 










09/2015 – 10/2018







04/2015 – 07/2015        





02/2013 – 04/2015        








02/2011 – 02/2013         



Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Жардамдардын стратегиясы башкармалыгынын        начальниги

Ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет: өнүктүрүүнүн расмий жардамдарын тартуу боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, КР Өкмөтүнүн приоритеттерине ылайык тышкы жардамдарды пландоо жана тартуу, өлкөдөгү расмий жардамдын алкагында өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү программаларын иштеп чыгуу, өнүктүрүүнүн расмий жардам долбоорлорун талдоону жана баалоону жүргүзүү, техникалык жана гранттык жардамдарды тартуу боюнча иштерди координациялоо.



Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын начальниги.

Ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет: техникалык жөнгө салуу, ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо, техникалык регламенттерди иштеп чыгуу жана кабыл алуу жагында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу.




Кыргыз Республикасынын Экономика министринин Кеңешчиси 

Ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет: КР ишкерчилиги, инвестициялык климат жана сооданы илгерилетүү үчүн шарттарды түзүү жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды киргизүү.



Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология

борборунун директору 

 Ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет: мамлекет заказчы болуп саналган, улуттук стандарттарды иштеп чыгуунун  программасын түзүү жана ишке ашыруу, анын ичинде улуттук стандарттардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү; техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондун түзүү жана жүргүзүү; ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү.



Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча Мамлекеттик инспекциясынын директору

Ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет: мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүүнү камсыз кылууга контроль, ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жаатындагы ченемдик-укуктук актылардын сакталышын камсыз кылуу, техникалык жөнгө салуу жаатында потенциалды өстүрүү.

12/2009 – 02/2011







05/2007 – 12/2009















03/2006 – 05/2007









02/2005 – 03/2006








07/2001 – 02/2005











03/1998 – 03/2001











06/1993 - 03/1998

КР Экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары

Ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет: тышкы жана ички соода, салык салуу чөйрөсүндө Ички аудит жана контроль жүргүзүүнү камсыз кылуу маселелери боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу.



Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Жардамдардын стратегиясы башкармалыгынын начальниги 

Ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет: өнүктүрүүнүн расмий жардамдарын тартуу боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, КР Өкмөтүнүн приоритеттерине ылайык тышкы жардамдарды пландоо жана тартуу, өлкөгө расмий жардамдын алкагында өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү программаларын иштеп чыгуу, өнүктүрүүнүн расмий жардамынын долбоорлоруна талдоо жүргүзүү жана баа берүү, өнүктүрүүнүн расмий жардамынын алкагында өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана донор-өлкөлөрдүн ишин координациялоо, өнөктөштөрдүн иши менен өлкөгө жардам берүү стратегиясын иштеп чыгуу, эркин экономикалык зоналардын ишин координациялоо жана мониторинг жүргүзүү.






КР Экономика жана Финансы министрлигинин жардамдарды координациялоо башкармалыгынын Жардамды координациялоо бөлүмүнүн башчысы 

Ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет: техникалык жардамдын жана программалык зайымдардын долбоорлорун тартуу жана ишке ашыруу бөлүгүндө эл аралык финансылык институттар жана донор өлкөлөр менен иштөө, техникалык жана гранттык жардамдардын, программалык зайымдардын долбоорлору боюнча эл аралык макулдашууларды даярдоо жана кол коюу.




Шаардык транспорт долбоорунун алкагында КР Экономика жана Финансы министрлигине караштуу Жумушчу топтун консультанты

Ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет: шаардык жолдорду каржылоонун системасына талдоо жүргүзүү, шаардык жолдорду каржылоо системасын жакшыртуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана шаардык жолдорду каржылоонун кошумча булактарын табуу.




КР Финансы министрлигинин Мамлекеттик инвестициялар программасы башкармалыгынын МИП мониторинг бөлүмүнүн башчысы 

Ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет: мамлекеттик инвестициялар программасынын долбоорлору үчүн инфраструктура, энергетика жана айылдык каржылоо секторлоруна жыл сайын бюджетти иштеп чыгуу, аталган секторлордогу долбоорлордун финансылык планын аткарууга мониторинг жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчетторду даярдоо, мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча КР бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.




Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк инвестициялар жана экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин Инвестициялык зайымдар жана гранттар бөлүмүнүн начальниги 

Ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет: Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун сунуштарына ылайык Кыргызстандын экономикасына инвестицияларды тартуу, “Манас аэропортун модернизациялоо”, “Бишкек-Ош автожолун реабилитациялоо”, “Телекоммуникациялык долбоор” жана “Ош облусунун Электрфикациясы” долбоорлорунун жүзөгө ашырылышына мониторинг жүргүзүү.






“Кыргызстан Аба Жолдору” Улуттук авиакомпаниясы кыймылынын кызматынын ага диспетчери

Ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет: Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде аба кыймылын башкарууну жетектөө.


Билими

23/01/07 – 03/02/07


 “Борбор Азиядагы жардамдарды пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” Эл аралык кызматташтык боюнча япон агенттигинин семинары

20/09/04 – 03/10/04


Жолдорду каржылоо жана күтүү боюнча семинар, Торонто ш.

07/08/03 – 07/09/03


Берлиц тилдердин борборунда тил курстары, Вашингтон шаары

13/05/02 – 24/05/02




“Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган долбоорлордун каржылык менеджменти жана төлөмдөрү” ДБ окутуу программасы, Турин ш. 

26/09/00 – 27/09/00


Азия өнүктүрүү банкынын “Транспорт жаатындагы аймактык кызматташтык” конференциясы, Алматы ш. 

15/05/00 – 19/05/00


ПРООНдун “Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү көндүмдөрү” аймактык семинары, Тбилиси ш.

7/10/99 – 13/10/99


АӨБ “Долбоорлорду экономикалык талдоо семинары, Ташкент ш.

3/02/99 – 24/02/99


Жер үстүндөгү транспорт эл аралык кызматташтык боюнча япон агенттигинин семинары, Токио ш.

16/11/98 – 20/11/98

ДБ сатып алуу жол-жобосу” ДБ семинары, Бишкек ш.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу