Тамак-аш коопсуздугунун менеджмент системаларынын эл аралык стандарты боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө

Новости
19-Июль 2019-ж.
4244

2018-жылдан баштап КР Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунан адистеринен түзүлгөн тамак-аш коопсуздугу боюнча команда GIZ “Борбор Азияда соодага көмөктөшүү” (TFCA), “Туруктуу экономикалык өсүш” (NAWI) программаларынын алкагында эл аралык интеграцияланган эксперттин жетекчилигинде тамак-аш коопсуздугуна менеджмент системасынын эл аралык стандарты боюнча окутуу болуп өттү.

Команданын максаты Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү үчүн кеңеш берүү кызматтарын жана тренингдерди берүү, аларга сертификациядан өтүүгө жана тамак-аш коопсуздугунун эл аралык стандарттарына ылайык келүүгө жардам берүү.

Азыркы учурда окууну аяктаган консультанттар алган билимдерин иш жүзүндө ишке ашырышты:

- КР ЭМ караштуу СМБнын адистери тарабынан Кара-Балта ш. Тамак-аш өнөр жайынын техникалык колледжинин сыра кайнатуу цехинде окутуучулук курам үчүн НАССР тамак-аш коопсуздугунун системасын ишке киргизүү чаралары боюнча консультациялык иштер жүргүзүлдү жана цехтин адистери техникумдун студенттерин НАССР системасынын талаптарынын сакталышын мындан ары өз алдынча окутуу үчүн иш-аракеттердин кеңири планын жана документти иштеп чыгууда практикалык сунуштарды иштеп чыгууга жардам көрсөтүлдү.

Аткарылган иштин жыйынтыгында, Тамак-аш өнөр жайынын техникалык колледжи тарабынан НАССР системасы боюнча сертикациялоо Сert International эл аралык сертификациялык органга арыз берилди.

Бүгүнкү күндө Тамак-аш өнөр жайынын техникалык колледжинде “Сert International” эл аралык сертификат органынын аудиторлору тарабынан сертификат текшерүү жүргүзүлүп жатат, анын жыйынтыгында Алиментариус Кодексине ылайык НАССР системасы боюнча сертификат алуу укугу берилет.

Ошондой эле Бишкек шаарында коомдук тамактануу кызматын көрсөтүү менен алектенген “Вавилон” ресторанында жеринде баалоо, ISO 22000 эл аралык стандарттарына ылайык тамак-аш азыктарынын коопсуздук менеджменти системасын киргизүү боюнча семинарлар жана консультациялык иштер жүргүзүлдү.

Азыркы учурда ресторандын кызматкерлери КР ЭМ СМБ консультанттары менен биргеликте белгиленген мөөнөттөргө ылайык менеджмент системасынын документтерин иштеп чыгуу боюнча иштерди жүргүзүүдө жана ISO 22000 сертификат алуу үчүн сертификат берүүчү органга арыз берүү пландаштырылган.

Кыргыз Республикасынын чакан жана орто бизнесин өнүктүрүүгө жана жеке секторго жардам көрсөтүү максатында, КР ЭМге караштуу СМБнын консультанттары интеграцияланган эксперт менен бирге бардык кызыкдар адамдарга консультациялык жардам көрсөтүүгө даяр.

Келип чыккан суроолор боюнча маалыматтарды 66-22-81, 66-14-56 телефондору боюнча алууга болот.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу