Министр Темир Сариев Баку шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин Экономика министрлеринин экинчи жолугушуусуна катышууда.

Новости
12-Август 2012-ж.
2573

КР Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев 2012-жылдын 13-14-августунда Азербейжанда, Баку шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТМКК) Экономика министрлеринин Экинчи жолугушуусуна катышууда.

ТМККнын Экономика министрлеринин жолугушуунун алкагында экономика боюнча жумушчу топтордун 2-отуруму болуп өтүүдө. Бул жумушчу топтор Экономика министрлеринин 1-жолугушуусунун жыйынтыктары боюнча түзүлгөн (Астана шаары, 2011-жылдын 13-октябры) жана өзүнө төрт багытты камтыйт:

1) Инвестициялык климатты жакшыртуу (ЭМКСМ)

2) Экономиканы диверсификациялоо боюнча мамлекеттин чаралары (ЭМКСМ)

3) Транспорт коридорлорун өнүктүрүү (ТжКМ)

4) Ишкердик экономикалык мамилелердин негизи катары (ЭМКСМ)

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТМКК) Экономика министрлеринин экинчи жолугушуусу ТМККнын экинчи Саммитинин алдында өткөрүлүүдө, ал 2012-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында ТМККнын өлкө-катышуучуларынын президенттеринин катышуусу менен болуп өтөт.

Экономика министрлеринин жана Жумушчу топтордун жолугушуусунда ТМККнын өлкө катышуучуларынын инвестиция, салык салуу, транспорт, соода чөйрөсүндө келишимдик-укуктук базаны өнүктүрүү, ТМККнын Өнүктүрүү фондун, ТМККнын инвестицияларын бирдиктүү жылдыруу порталын, инвесторлорду, инвестицияларды жылдыруу боюнча агенттиктерди жана өлкө-катышуучуларынын тиешелүү мамлекеттик органдарын бириктире турган туруктуу бизнес диалогунун платформасын түзүү маселеси жана кызматташуунун башка маселелери каралат жана талкууланат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу