Туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун даярдоо Фондунун ишин улантуу жөнүндө

Новости
17-Июль 2019-ж.
4482

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде “КМШ аймагында туруктуу өнүктүрүүнү каржылоо үчүн потенциалды чыңдоо” КР ПРООН долбоорунун колдоосу менен Министрлик тарабынан түзүлгөн туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун даярдоо Фонду өз ишин улантууда.

Бул Фонд потенциалдуу бизнес-долбоорлорду аныктайт жана Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунан же башка финансы-кредиттик мекемелерден каржылоону андан ары алуу үчүн сапаттуу ТЭН (бизнес-пландарды) даярдоого көмөк көрсөтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн комплексин көрсөтөт.

Фонддун ишинин алкагында артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлордун тизмесин түзүү боюнча Кеңеш өз ишин жүргүзөт, бул кеңеш Байкоочу болуп эсептелет жана артыкчылыктуу бизнес-долбоорлорду тандоодо фондго стратегиялык колдоо көрсөтүү үчүн түзүлгөн.

Кеңеш түзүлгөн күндөн тартып бир катар жыйын өткөрдү, анда артыкчылыктуу долбоорлорду тандоо критерийлерин, аларга өтүнмөнүн формасын иштеп чыккан жана бекиткен, ошондой эле 2018-жылдын аягында Фондго келип түшкөн “КМШ аймагында туруктуу өнүктүрүүнү каржылоо үчүн потенциалды бекемдөө” ПРООНдун долбоорунун техникалык көмөктөшүүсү менен ТЭНди (бизнес-пландарды) иштеп чыгууга алгачкы бизнес-долбоорлорду тандап алды жана бекитти.

Бүгүнкү күндө ПРООН тарабынан биринчи бизнес-долбоорлордун Кеңеши тарабынан бекитилген ТЭНди (бизнес - пландарды) иштеп чыгуу боюнча консалтинг компаниясын тандоо боюнча конкурс өткөрүлдү. Техникалык тапшырманын шарттары боюнча тандалып алынган компания сапаттуу ТЭН (бизнес-план) иштеп чыгууга жана бизнес-долбоорлорду Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунан же башка финансы-кредиттик мекемелерден каржылоого чейин жеткирүүгө тийиш. 

Маалымат үчүн: 

Долбоорлорду даярдоо фондунун максаты ишкердик субъекттердин финансыга жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, анын ичинде алар тарабынан бизнести өнүктүрүүгө, өндүрүштү кеңейтүүгө, негизги каражаттарды сатып алууга жана модернизациялоого, жаңы технологияларды ишке киргизүүгө, инновациялык ишке жана жаңы ишканаларды ачууга жана жумуш орундарын түзүүгө багытталган туруктуу каржылоо болуп саналат.

Фонддун өзгөчө артыкчылыктуу багыттары катары өлкөнүн аймактары эсептелет.

Фонддун иши концепциялык түрдө ишканалардын туруктуу өнүгүшүнө жана аларды чыңдоого көмөктөшүүгө, ошондой эле орто ишканадан, чакан ишканадан тартып эволюциялык өсүүгө багытталат.

Фонд өзүнүн ишинин алкагында бүткүл аймактын ишканалары, бизнес-ассоциациялары, мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар, финансылык институттар, эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенет, ал Фондго өлкөнүн бардык аймактарын жабууга мүмкүндүк берет.

Фонд:

Ишканаларга бизнести өнүктүрүү үчүн каржылоону алууга көмөк көрсөтүүгө;

Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө;

Экспортко багытталган ишканаларды өнүктүрүү жана бюджетке түшүүлөрдү көбөйтүүгө;

Жаңы жумуш орундарын, түзүү жана учурда иштеп жаткандарын колдоого (өзгөчө аймактарда) көмөк көрсөтөт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу