Статс-катчы А. Шаршеев: Улуттук мыйзамда каралган инвесторлордун укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

Новости
16-Июль 2019-ж.
4527

Бүгүн, 2019-жылдын 16-июлунда Бишкек ш. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) тарабынан ишке ашырылуучу КР туристтик секторуна өсүү жана инвестицияларды тартууга көмөктөшүү боюнча Дүйнөлүк банктын тобунун долбоорунун колдоосу менен “Кыргыз Республикасынын экономикасын туруктуу өнүктүрүүнүн гаранты катары инвесторлордун укуктарын коргоо” конференциясы өткөрүлдү.

Статс-катчы Айдин Шаршеев, Экономика министрлигинин атынан жана жеке өз атынан конференциянын катышуучулары менен саламдашып, 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына ылайык Өкмөт алдында өлкөдө “Инвестициялык бейишти” түзүү боюнча дымактуу милдет коюлгандыгын белгиледи. Анткени инвестицияларды тартуу үчүн инвесторлордун укуктарын коргоону камсыз кылууга шарт түзөт жана бүгүнку конференциянын темасы актуалдуу болуп саналат.

Үстүбүздөгү жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча түз чет элдик инвестициялардын түшүүсү мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 176 млн. АКШ доллар. Түздү, бул 49% га көбүрөөк.

Ошондой эле А. Шаршеев улуттук мыйзамдарда каралган инвесторлордун укуктары жана кепилдиктери тууралуу маалымат берди. 2003-жылдын 27-мартындагы № 66 “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы чет өлкөлүк инвесторлорго инвестициялоонун улуттук режимин түзүп, экспроприациядан, мамлекеттештирүүдөн коргоого кепилдик берет. Чет өлкөлүк инвесторлорго кеңири укуктар жана мамлекеттик кепилдиктер берилет:

 – инвестицияларды ташып келүүнүн же репатриациялоонун кепилдиктери;

 – кирешелерди пайдалануунун кепилдиктери;

 – акча операцияларынын эркиндиги.

Мындан тышкары инвесторлорго КР сот органдарында инвестициялык ишмердик процессинде келип чыккан инвестициялык талаш-тартыштарды чечүү укугу берилген.  Эл аралык арбитражга кайрылуу үчүн инвестордун укугу каралган.  

Мындан тышкары Кыргызстан АКШ, Түркия, КЭР, Улуу Британия ж.б. өлкөлөрдү кошкондо 30дан ашык өлкөлөр менен инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө эки тараптуу макулдашуулардын катышуучусу болуп саналат. Аталган өлкөлөрдүн инвесторлоруна макулдашууларда каралган кошумча кепилдиктер жана артыкчылыктар берилет.

Андан соң А. Шаршеев КР Өкмөтүнүн кабыл алган чаралары жөнундө маалымат берди:

- турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 10 жылдын ичинде инвесторлорго салыктарды төлөө боюнча кыйла ыңгайлуу шарттарды тандап алуу укугун алууга мүмкүндүк берүүчү инвестицияларга кепилдик берүү жана коргоо максатында чет элдик инвесторлор үчүн турукташтыруу режими киргизилген, ал жөнгө салуунун кыйла жагымдуу режимин тандап алууга мүмкүндүк берет

- Бизнес-омбудсмен институту түзүлдү, анын иши ишкерлердин укуктарын жана (инвесторлордун) мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекеттик коргоого жана аларды мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелердин жана мамлекеттик ишканалардын жана жооптуу адамдары тарабынан сакталышына кепилдиктерди камсыз кылууга багытталган;

- 2021-жылдын 1-январына чейин ишкердик субъекттерин текшерүүгө мораторий киргизилген. Ишкердиктин субъекттерин текшерүүгө тыюу салуу 10 текшерүүчү ыйгарым укуктуу органга жайылтылат;

- Дүйнөлүк банктын Бизнес жүргүзүү рейтинги боюнча КР позициясын жакшыртуу боюнча Өкмөттүн Планы бекитилди;

- КР Экономика министрлигине караштуу МЖӨ борбору түзүлдү. 

Жыйынтыгында статс-катчы бул конференциянын жыйынтыгы Кыргыз Республикасында инвесторлордун укугун коргоону күчөтүү боюнча пайдалуу сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет деген ишенимин билдирди.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу