Министрликте Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кошулушу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ведомстволор аралык комиссиянын отуруму болуп өттү

Новости
06-Август 2012-ж.
2653

""


2012-жылдын 3-августунда Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинде Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кошулушу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ведомстволор аралык комиссиянын отуруму болуп өттү.


Отурумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кошулуу маселеси боюнча иш чаралар планынын долбоору каралды. Бул план долбоор Бажы союзуна мүчө өлкөлөрдүн эскертүүлөрүн эске алуу менен, Евразиялык экономикалык комиссиядан келип түшкөн.
Планды карап чыгуунун максаты болуп Кыргыз Республикасынын Бажы союзунун келишимдик – укуктук базасына кошулуу процесси боюнча Жол картасын даярдоо саналат.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча Ведомстволук комиссия Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кошулуу маселеси боюнча иш чаралар планынын долбооруна карата кыргыз тараптын сунуштары жана сын-пикирлери макулдашылды. Бул маселе Евразиялык экономикалык комиссиянын кезектеги отурумунда каралат.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу