Финансылык жана техникалык кызматташтык маселеси боюнча КР менен ГФРнын ортосундагы өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр жөнүндө

Новости
12-Июль 2019-ж.
4317

2019-жылдын 11-12-июлунда Экономика министрлигинде финансылык жана техникалык кызматташтык маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосунда өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр болуп өттү.

Аталган сүйлөшүүлөр Кыргыз тараптын Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев башында турган делегациясынын жетекчилиги жана Кыргыз тараптан КР Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев баштаган делегациянын жетекчилигинин жана Германия тараптын делегациясынын башчысы, Германиянын Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү Федералдык министрлигинин өкүлү Катрин Оеллерстин жетекчилигинин алдында министрликтердин жана ведомстволордун катышуусунда өткөрүлдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө финансылык жана техникалык кызматташтык боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Германиянын расмий жардамы салттуу түрдө долбоорлорду эки негизги – “Туруктуу экономикалык өнүгүү” жана “Саламаттыкты сактоо” тармагында ишке ашырууга багытталган. 

Ошондой эле, тараптар 14.9 млн.евро өлчөмүндө карызды конверсия каражаттарын пайдалануу жөнүндө макулдашышты.

Жакын арада Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү тарабынан турак-жай каржылоо программасына KfW Өнүктүрүү банкы аркылуу берилүүчү 10,5 млн евро өлчөмүндөгү финансылык колдоо каражаттарын өздөштүрүү күтүлүүдө. 

Конверсиянын алкагында каражаттарды өздөштүрүү “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК аркылуу ишке ашырылат, ал Кыргыз Республикасынын айыл жерлериндеги бардык категориядагы, төмөн жана орто кирешеси бар, турак жайы жок жарандар үчүн арналган, Жеткиликтүү ипотека багытын каржылоого багытталган.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Тараптар Кыргыз Республикасы жана Германия Федеративдик Республикасынын ортосунда Протоколго кол коюшту.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу