Бишкекте инвестициялык саясат жана инвесторлордун укугун коргоо боюнча Конференция өтөт

Новости
15-Июль 2019-ж.
4720

2019-жылдын 16-июнунда Бишкек ш. Hyatt Regency отелинде саат 9:00 – 13:00 го чейин, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Дүйнөлүк банктын тобуна кирген эл аралык финансы корпорациясы (IFC) менен биргеликте мамлекеттин инвестициялык саясаты жана инвесторлордун укуктарын коргоо маселелери боюнча жана эл аралык финансы корпорациясынын аймактык менеджери Кассандра Колберт катышуусу менен конференция өткөрүү пландаштырууда.

Конференциянын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан инвесторлорду тартуу, кармоо жана коргоо чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан саясат менен таанышуу, инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча ийгиликтүү эл аралык тажрыйбаны иликтөө, ошондой эле мамлекеттин ичинде да, анын чегинен сырткары да инвестицияларды коргоо жана илгерилетүү маселелери боюнча укуктук документтерди даярдоо жана кароо боюнча негизги маселелерди талкуулоо болжолдонууда.

Дүйнөлүк банктын тобунун эл аралык эксперти Родриго Поланко лектор катары чыгат, ал Бернк университетинин Дүйнөлүк соода институтунун ага илимий кызматкери жана окутуучусу, Люцерн университетинин докторанты жана Чили университетинде эл аралык изилдөө институтунун атайын чакырылган профессору болуп саналат. 

Аталган иш-чара эл аралык финансы корпорациясы тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан Кыргыз Республикасынын туристтик секторуна өсүү жана инвестициялар боюнча долбоордун колдоосу менен жүргүзүлөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу