Суу менен камсыздоону башкаруудагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу жөнүндө

Новости
10-Июль 2019-ж.
4356

Аймактарды андан ары өнүктүрүү, ошондой эле аймактардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ичүүчү суу менен камсыз кылуу системасынын объекттерин натыйжалуу пайдалануу максатында, КР Экономика министрлигинин Аймактар аралык башкармалыгы тарабынан (ААБ) КР Өкмөтүнүн “Айылды суу менен камсыздоо системаларын керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин балансынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө” токтом долбоорун талкуулоо болду.

Талкууга райондук мамлекеттик администрациялардын (Аламүдүн, Сокулук), жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү катышышты.

ААБ башчысы Зайнидин Жумалиев, калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуунун жана суу менен камсыздоону башкарууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигин жогорулатуунун жана салык салуу бөлүгүндө киреше бөлүгүнүн ачык-айкындуулугун стратегиялык маанисин эске алуу менен ушул токтомдун долбоору иштелип чыккандыгын белгиледи.

Талкуунун жыйынтыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун сунуштарын эске алуу менен аталган токтомду кабыл алууда максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечим кабыл алынган, анткени бул долбоор аймактардыу комплекстүү өнүктүрүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатка шайкеш келет.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу