Борбор Азия жана Кыргызстанда биринчи жолу ишкерлер үчүн Гарвард университетинин методологиясы боюнча окутуу пландаштырылууда

Новости
08-Июль 2019-ж.
6794

2019-жылдын 29-июлунан 3-августуна чейин Экономика министрлигинин демилгеси боюнча Кыргыз Республикасында БУУнун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен ЭМПРЕТЕК пилоттук программаны өткөрүү пландаштырылууда, ал азыркы учурда дүйнөнүн 35тен ашуун өлкөсүндө БУУнун соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясы (ЮНКТАД) тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылууда.

ЭМПРЕТЕК (испан тилинен emprendedores - ишкерлер жана technologia - технология) – бул ишкерлерди, айрыкча чакан жана орто бизнес индустриясын окутуу программасы, ал алардын потенциалын жогорулатууга гана эмес, бизнеске карата ишкердик мамилени калыптандырууга дагы, ишкерлердин-жашоосун улантууну гана эмес, өз бизнесинин өсүшүнө да, ишкердин-лидер сапаттарын өнүктүрүүгө багытталган, ошентип, калктын иш менен камсыздыгын жана кирешесин жогорулатуу.

ЭМПРЕТЕК программасы боюнча окутуу – ар катышууга 600 АКШ долларынан 1000 АКШ долл. чейин, бирок ПРООНдун колдоосу менен Экономика министрлигинин демилгеси жана жардамы менен бул жолку окуу бардык катышуучулар үчүн акысыз өтөт.

Долбоордун өзөгү болуп Гарвард университетинин методологиясы боюнча ЭМПРЕТЕК эл аралык сертификацияланган тренерлер жүргүзгөн 6 күндүк семинар-практикум саналат. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр ийгиликтүү ишкерлер үчүн мүнөздүү болгон негизги бир катар ишкердик көндүмдөр бар экенин көрсөттү. Бул көндүмдөр тиешелүү диагноз коюу жана окутуу менен күчөтүлүшү мүмкүн, бул ЭМПИРЕКтин семинардын максаты болуп саналат.

ЭМПРЕТЕК окуу программасына катышуунун жыйынтыгы боюнча катышуучулардын 73%ы алардын бизнесинин жылдык кирешесинин өсүүсүн белгилешти. Бул семинарга катышууну каалаган ишкерлерге тиркелген анкетаны толтурууну (жүктөп алууну) жана 2019-жылдын 12-июлуна чейин m.t.kutman@gmail.com электрондук дарекке сканерден өткөрүп жөнөтүүнү өтүнөбүз.

Бул иш-чара Россия Федерациясынын Трасттык фонду тарабынан каржыланган, “КМШ аймагында туруктуу өнүктүрүүнү каржылоо үчүн потенциалды чыңдоо” долбоорунун алкагында КР Экономика министрлигинин демилгеси менен уюштурулуп, Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун колдоосу менен жүзөгө ашырылууда. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу