Дүйнөлүк Банктын 2019-2020-жылдарга “Бизнес жүргүзүү” рейтингинде КРнын позициясын жакшыртуу жөнүндө

Новости
05-Июль 2019-ж.
4542

2019-жылдын 28-июнунда КР Өкмөтүнүн буйругу менен Дүйнөлүк Банктын “Бизнес жүргүзүү” рейтингинде Кыргыз Республикасынын позициясын жакшыртуу боюнча 2019-2020-жылдарга карата иш-чаралар планы бекитилди. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан иштелип чыккан План рейтингдин бардык 10 индикаторлорун камтыйт, атап айтканда, өзгөчө күч-аракеттер “Электр тармактарына кошулуу” (164-орун), “Салык салуу” (150-орун) жана “Контракттардын аткарылышын камсыз кылуу” (131-орун) сыяктуу рейтингдин өтө начар индикаторлоруна багытталган.

Дүйнөлүк Банк тарабынан жыл сайын жарыяланган “Бизнес жүргүзүү” рейтинги ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларга объективдүү баа берүүгө жана аларды 190 өлкөлөрдө ошондой эле айрым шаарларда субулуттук жана аймактык деңгээлдерде сактоого мүмкүндүк берет.

Ошону менен бирге Дүйнөлүк Банктын акыркы маалыматы боюнча 2019-жылы Кыргыз Республикасы дүйнө өлкөлөрүнүн “Бизнес жүргүзүү” рейтингинде өткөн жылдын отчеттук мезгилине салыштырганда 7-позицияны жакшыртуу менен 190-орунду ээлеген. 

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына ылайык, Кыргызстан 2023-жылга карата “Бизнес жүргүзүү” рейтинги боюнча дүйнөнүн 40 алдыңкы өлкөсүнүн катарына кириши керек.

Маалым кат:

Бизнес жүргүзүү рейтингиндеги КРнын позициясынын 2017-2018-жылдар үчүн 10 индикатор боюнча салыштырмалуу талдоо жана 2020-жылга болжолу


Көрсөткүчтөр

Отчет  2018

Отчет  2019

2020-жылга болжол


Ишкананы каттоо

29

35

35


Курулушка уруксат алуу

31

29

29


Энергия менен жабдуу системасына кошулуу

164

164

130


Менчикти каттоо

8

8

8


Насыяларды алуу

29

32

32


Миноритардык инвесторлорду коргоо

51

38

38


Салык салуу

151

150

130


Эл аралык соода

84

70

70


Контракттардын аткарылышын камсыздоо

139

131

131


Төлөөгө жөндөмсүздүктү чечүү

119

82

70


Жалпы рейтинги

77

70

64



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу