Борбор Азия мамлекеттеринде SWITCH-Asia программасын ишке киргизүү жөнүндө

Новости
05-Июль 2019-ж.
4588

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев, туруктуу керектөөнү жана өндүрүштү (SCP) колдоого жана жашыл экономикага өтүүгө багытталган, Борбор Азия өлкөлөрүндө SWITCH-Asia Европа бирлигинин программасын ишке киргизүү боюнча иш-чарага катышты.

SWITCH-Asia Программасы боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Улуттук ыйгарым укукту орган болуп аныкталган.

Министрдин орун басары өз сөзүндө аталган программаны Европа бирлиги киргизүүнүн актуалдуулугун белгиледи жана SWITCH-Asia программасы ЦУР12 (Жооптуу керектөө жана өндүрүш) жетишүүгө көмөк көрсөтөт деп ишеним билдирди.

А. Алыбаев белгилегендей, жашыл экономика мамилелерин алдыга жылдыруу аркылуу туруктуу өнүгүүгө өтүүнүн зарылдыгы өлкөнүн орто мөөнөттүк жана узак мөөнөттүк документтериндеги улуттук артыкчылык катары каралат. Ошентип, 2040-жылга чейин өнүгүүнүн улуттук стратегиясында жашыл экономика маселелери интеграцияланган. Стратегиянын биринчи этабы Кыргыз Республикасын “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасы болуп саналат. 

Туруктуу керектөө жана өндүрүш концепциясынын (ТКӨ) негизинде товарлардын бүткүл жашоо циклинин аралыгында экологиялуулугун жогорулатуу, кыйла экологиялык товарларга жана өндүрүштүк технологияларга суроо-талапты стимулдаштыруу жана маалымат берилген керектөө чечимдерин кабыл алууда сатып алуучуларга көмөк көрсөтүү маселелери турат. Европа Бирлиги Азиядагы жана Борбордук Азиядагы өз өнөктөштөрү менен биргеликте бул глобалдык көйгөйлөрдү чечүүнү жактайт. 10 жылдан ашык иштеген, 2007-жылы “SWITCH-Asia” программасы иштеп келе жаткан аймактын 24 өлкөсүндө ТКӨ чөйрөсүндө таасирдүү натыйжаларга жетишкен.

SWITCH-Asia программасы үч компонентти камтыйт:

Аймактык стратегияны колдоо;                                                      

- Туруктуу керектөө жана өндүрүш фонду;

- Гранттык программа.

SWITCH-Asia II программасынын алкагында майда, чакан жана орто ишканаларга апробациялоодо жана экологияга зыян келтирүүнү кыскартуу үчүн өндүрүштүн кыйла туруктуу ыкмаларын киргизүүдө гранттык колдоо көрсөтүү каралган. Бүгүнкү күндө 32 ушул сыяктуу долбоор Азиянын 15 өлкөлөрүндө ишке ашырылууда. Борбор Азия өлкөлөрүнүн долбоорлору үстүбүздөгү жылдын аягында башталат.

Аталган иш-чарага ЕБнин, Казакстандан, Кыргызстандан, Тажикстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан келген делегациялардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу