Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү жөнүндө

Новости
05-Июль 2019-ж.
4475

Бүгүн, 2019-жылдын 4-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде, министрдин орун басары Автандил Алыбаев менен Борбордук Азия боюнча Глобалдык жашыл өсүш институтунун (ГЖӨИ) директору Джин Янг Кимдин жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө А. Алыбаев Джин Янг Ким айымды Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча Министрликтин иши менен тааныштырды.

Өз кезегинде Ким айым ГЖӨИ жана ар түрдүү өлкөлөрдөгү долбоорлор тууралуу айтып берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өлкөдөгү электр транспортун, энергонатыйжалуулукту жана ЭКБны өнүктүрүү багыттары боюнча биргелешип иштөө мүмкүнчүлүгүн алдын ала талкуулашты.

Учурдан пайдаланып, министрдин орун басары А.Алыбаев Жашыл экономика жумалыгы-2019 га ГЖӨИ өкүлдөрүн катышууга чакырды.

Азыркы учурда Министрлик тарабынан туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө бардык кызыкдар тараптардын кызматташтыгын ведомстволор аралык координациялоону камсыз кылган негизги орган катары экономиканы жашыл экономикага өтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү программасына карата Иш-чаралардын планын ишке ашыруу үчүн каражаттардын зарылдыгынан улам, азыркы учурда Өкмөт тарабынан бул багыттагы иштер бир учурда жүргүзүлүүдө.

Ошентип, бул багытта ГЖӨИни түзүү жөнүндө Макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча чаралар кабыл алынды. 

ГЖӨИ өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү жана үч өз ара толуктоочу жана интеграцияланган жумушчу процесстери аркылуу рыноктук экономиканы түзүүчү өлкөлөрдү колдойт:

- жашыл өсүүнү пландаштыруу жана ишке ашыруу; 

- инвестициялык чечимдер жана керектүү саясатты түзүү; 

-  изилдөөлөрдү, талдоо жүргүзүү, маалыматтарды, шаймандарды жана методологияларды берүү аркылуу ишенимдүү жана бекем далилдөө базасын берүү.

Бул иштин алкагында Экономика министрлиги тарабынан 2019-жылдын 28-июнунда КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “2012-жылдын 20-июнунда Рио-де-Жанейро шаарында кол коюлган “Жашыл өсүүнүн Глобалдык институтун түзүү жөнүндө Макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Мыйзам долбоору иштелип чыккан. Азыркы учурда мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн жана каникулдан кийин депутаттар тарабынан каралат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу