Кыргыз Республикасынын аймагында жол белгилери колдонуудагы мамлекеттер аралык стандарттарга ылайык келүүгө тийиш

Новости
03-Июль 2019-ж.
4494

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору Кыргыз Республикасынын аймагында жол белгилери төмөндө көрсөтүлгөн мамлекеттер аралык стандарттарга ылайык келиши керек экендигин маалымдайт:

- ГОСТ 10807-78 “Жол белгилери. Жалпы техникалык шарттар”;

- ГОСТ 32945-2014 “Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору. Жол белгилери. Техникалык талаптар. 

Мында жол белгилериндеги жебелердин сүрөтү (абалы) ГОСТ 10807-78, ГОСТ 32945-2014 дал келүүгө тийиш экендигин белгилей кетүү керек.

Ошол эле учурда, ГОСТ 10807-78-жылы 5.8.1 жана 5.8.2 жол белгилери боюнча талаш-тартыштар жүрүп жаткан (прецедент), анда төмөнкүлөр көрсөтүлгөн:

- 1.7-п, 5.8.1, 5.8.2, 5.20.1-5.20.3, 5.21.2, 5.29.2, 5.31, 7.13 белгилериндеги жебенин сүрөтү (абалы) кесип өтүүнүн реалдуу планировкасына дал келиши керек;

- 1.11-п, 5.8.1. белгисинде кыймылдын багыттарын эки же үч тилке үчүн гана көрсөтүүгө жол берилет;

- 1.13-п, 5.8.1 -5.8.4, 5.8.7,5.8.8 белгилеринде тыюу салуучу жана көрсөтмө белгилердин сүрөтүн жазууга жол берилет.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу