Бажы бирлигинин Техникалык регламенттеринин жоболорун түшүндүрүү боюнча консультациялар уланууда

Новости
03-Июль 2019-ж.
3894

Евразия экономикалык бирлигинин интеграциясында Кыргыз Республикасынын адаптациялоо мезгилиндеги тобокелдердин мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу жана жеңилдетүү алкагында бизнес коомчулук, мамлекеттик органдар жана бардык кызыкдар жактар үчүн 2019-жылдын 17-июнунан баштап 1-июлуна чейин КР ЭМге караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун базасында эксперттер жана жетектөөчү адистер тарабынан техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу, метрология, менеджмент системасы, шайкештикти баалоо чөйрөсүндө консультациялар, ошондой эле Бажы бирлигинин Техникалык регламенттеринин жоболору боюнча түшүндүрмөлөр улантылууда.

Алсак, бул мезгилде төмөнкү маселелер боюнча консультациялар берилген:

жеке уюмдар тарабынан өндүрүштүк контроль;

- Башкы прокуратуранын кызматкерлерине техникалык жөнгө салуу жана санитардык жана фитосанитардык чаралар, атап айтканда, ЕАЭБ укугунун жана улуттук ЧУАнын катышы;

- тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча стратегияны иштеп чыгуу;

- “Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө” Бажы Бирлигинин Техникалык регламентинин ББ ТТ 021/2011 талаптарына шайкештикти декларациялоо аспекттери, өсүмдүктөрдөн алынган продукцияларга (жаңы жер-жемиштер) тиешелүү;

- ЕАЭБдин аймагына техникалык жөнгө салууга тийиш болгон продукцияны ташып келүү;

- өндүрүштүк контролдоо;

- милдеттүү талаптарга жооп бербеген продукция рыногунда мажбурлап алып коюу; 

- ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү техникалык жөнгө салуу жана санитардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу аспекттеринде ветеринардык-санитардык экспертизага байланыштуу. 

Бул кадамдар акыр аягында бизнес-түзүмдөрдүн маалымдуулугуна жана Кыргызстандын улуттук экономикасын модернизациялоого, ЕАЭБ алкагында өлкөнүн экспорттук потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. 

Белгилей кетсек, маселелердин спектри жана консультация алууну каалаган адамдардын саны көбөйүп жатат. Суроолорду 62-37-90, 66-22-81  телефону жана nism@nism.gov.kg электрондук дареги боюнча берүүгө болот; кабыл алуу күндөрү: шаршемби жана жума 16-00 дон 18-00 го чейин КР ЭМге караштуу СМБнын чакан залында.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу