Аттракциондордун коопсуздугу боюнча ЕАЭБ ТРнын Техникалык регламенттеринин өтмө жоболору жөнүндө

Новости
02-Июль 2019-ж.
4208

2016-жылдын 18-октябрында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин чечими менен кабыл алынган ЕАЭБ ТР 038/2016 “Аттракциондордун коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенти Кыргыз Республикасынын аймагында 18.04.2018-ж. тартып күчүнө кирген.

Техникалык регламент биринчи жолу ЕАЭБ аймагында жүгүртүүгө чыгарылган аттракциондорго тиешелүү.

Колдонууга чыгарылган аттракциондор коопсуздуктун талаптарына жооп бериши керек, бирок белгиленген бардык иш мөөнөтүнүн ичинде (дайындалган ресурс), алар арналышы боюнча пайдаланылган шартта.

Аттракциондор төмөнкү формаларга ылайык бааланууга тийиш:

- шайкештиктигин тастыктоо;

каттоо (каттоого туруу); 

- техникалык абалын баалоо (техникалык күбөлөндүрүү).

Аттракциондор үчүн өтмө жоболор 28.02.2017-ж. Чечим менен бекитилген, анын ичинде 2019-жылдын 18-октябрына чейин продукциянын шайкештигин милдеттүү баалоо тууралуу документтерсиз жана улуттук шайкештик белгиси менен маркалануусуз (рынокто жүгүртүү белгиси менен) КР аймагында өндүрүүгө жана жүгүртүүгө чыгарууга жол берилген. Башкача айтканда, республиканын аймагына жаңы аттракциондорду шайкештик сертификаты же шайкештиги жөнүндө декларациясы жок 2019-жылдын 18-октябрына чейин алып келүүгө жол берилет.

Ошондой эле азыркы учурда Кыргыз Республикасында КР Экономика министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору тарабынан аккредиттелген сертификаттоо боюнча органдар жана ЕАЭБ ТРнын “Аттракциондордун коопсуздугу жөнүндө” ЕАЭБ 038/2016 талаптары боюнча сыноо лабораториялары жок экендигин белгилей кетүү керек.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу