Мамлекеттик органдардын адистеринин потенциалын жогорулатуу жана өндүрүүчүлөрдүн НАССР киргизүүгө маалымдуулугу жөнүндө

Новости
01-Июль 2019-ж.
3964

2019-жылдын 25-июнунан 28-июнуна чейин “БАРЭК өлкөлөрүндөгү Айыл чарба өндүрүштүк - сатып өткөрүү тизмелеринде тамак-аш коопсуздугу боюнча эл аралык стандарттарды күчөтүү” АӨБ/БАРЭК НА 9274 долбоорунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун базасында семинар өткөрүлдү.

Аталган семинар GMP, GHP, БАРЭК маселелерине арналган.

Семинарга:

Кыргыз Республикасынын кайра иштетүүчү ишканалары;

-  БАРЭК боюнча эксперттер;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин;

КР ЭМ караштуу СМБнын адистери катышты.

Окутуунун максаты - мамлекеттик уюмдардын адистеринин кесиптик потенциалын, ошондой эле өндүрүүчүлөрдүн маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат, анткени бүгүнкү күндө НАССР киргизүү талаптары бардык жерде жайылган, бул талап мыйзамдардын талаптары жана кардарлар (өнөктөштөр) тарабынан коюлган талаптар, өз ишканасын жакшыртуучу талап болуп саналат.

“Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө” ББ ТР 021/2011 талаптарына ылайык, даярдоочу НАССР принциптерине негизделген жол-жоболорду иштеп чыгууга, ишке киргизүүгө жана колдоого тийиш, б.а. тобокелдиктерди талдайт жана контролдук критикалык пункттарды аныктайт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу